Даун синдрому бар наристелер коомго аралашуусу керек

© Фото / Ажар АлапаеваБишкекте Дауна синдрому бар балдар үчүн ачылган "Юниор парк" деп аталуучу өлкөдөгү жалгыз бала бакча иштейт.
Бишкекте Дауна синдрому бар балдар үчүн ачылган Юниор парк деп аталуучу өлкөдөгү жалгыз бала бакча иштейт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын борборунда Даун синдрому бар балдар үчүн инклюзивдүү классы бар бир гана бала бакча иштейт.

БИШКЕК, 25-мар — Sputnik. Бишкекте эки жылдан бери Даун синдрому бар балдар үчүн ачылган "Юниор парк" деп аталуучу өлкөдөгү жалгыз бала бакча иштей тургандыгы жөнүндө Sputnik кабарчысына Даун синдрому бар балдардын "Мээрим нуру" ата-энелер коомдук бирикмесинин директору Виктория Токтосунова айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, бала бакча 2013-жылы дени сак жана Даун синдрому бар наристелер үчүн ачылган.

"Азыр бала бакчада Даун синдрому бар сегиз наристе тарбияланат, себеби биз дени сак жана "өзгөчө" балдардын сандык катнашына көз салабыз. Дени сак балдар бир топ көп болушу зарыл, ошондо денелик өзгөчөлүгү бар балдар алардын кыймыл-аракеттерин кайталап үйрөнө алышат. Бизде Даун синдрому бар наристелерден гана турган топ да бар. Бирок алар жумасына эки жолу сабактарга келип турушат", — дейт "Мээрим нуру" коомдук бирикмесинин башчысы.

Андан ары ал бала бакча биринчи жылы тест түрүндө иштеди деп түшүндүрдү. Ал жыл ичинде бала бакчанын жектечилери республикада балдарды тарбиялоо боюнча негизги ыкмаларга таянуу менен, өзүлөрүнүн окутуу усулдарын иштеп чыгышты. "Юниор парта" Даун синдрому бар наристелер үчүн сабактар кадимки бала бакчалардай эле. Анда баштапкы математика, окуу, жазуу бар. "Өзгөчө" балдар кол менен бир нерсе жасоодо, сүрөт тартууда жана музыка, бий, спорт жагынан көп нерсеге жетишип жатат.

Балдарды коомго аралаштыруу жөнүндө айтып жатып, Токтосунова Даун синдрому бар наристелер коомдон обочолонбошу керек деп белгиледи. Себеби аларда башкаларды кайталап жасоо жөндөмү жакшы өнүккөн дейт ал. 

"Эгер Даун синдрому бар балдарды өзүнчө топко бириктирип койсо, алар бири-бирин гана кайталап, эч сүйлөбөй калышат. Анткени аларга бири-бири менен жаңсоо аркылуу сүйлөшкөн ыңгайлуу. Кадимки балдардын арасында алар башкаларга бир нерсе түшүндүрүп айтыш үчүн сүйлөгөндү үйрөнүүгө аргасыз болушат. Ошондой эле алар кадимки балдардын жүрүм-турумун туурап кайталашат. Кадимки балдар да жакшы жакка өзгөрүшөт. Аларды биз боорукерликке, теңчиликке үйрөтөбүз. Башында алар тиги балдар менен ойногулары келбей, анан аларды өзгөчө деп эсептеп, оюнчуктарын бере башташкан, эми болсо аларга өз теңиндей карашат", — деп баса белгилейт директор.

Токтосунова өзү Даун синдрому бар баланын энеси. Бала бакча түзүү жөнүндө ой анын апасына келген. Дүйнөлүк практикада Даун синдрому бар балдарды сөзсүз коомго аралаштырышат. Бирок аларга убакыт бериш керек, себеби мындай балдар башкалардан кеч басып жана сүйлөгөндү кеч үйрөнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0