Ата Мекендик согуштун катышуучуларына чектелген стипендия көбөйтүлдү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрдагерлер. Архив
Ардагерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына чектелген стипендияны 6 миң сомдон 10 миң сомго чейин көтөрүү боюнча Жарлыкка Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев ардагерлерге чектелген стипендияны жогорулатуу боюнча буйрукка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, стипендия төрт миң сомго жогорулатылды.

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Москвадагы парадга кыргызстандык үч ардагер барат
Ошентип, 1-майдан баштап ардагерлер 10 миң сом алып баштайт. Анын жети миң сому президенттин фондунан жана 3 миң сом республикалык бюджеттен каралат.

Ошондой эле, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына жана алардын жесирлери президенттин фондунан 10 миң сомдон бир жолу төлөнүп берилет.

Кыргызстанда учурда согуштун 1113 катышуучу бар, алардын 360ы Бишкек шаарында жашайт. Өлкө боюнча тылдын катышуучуларынын саны – 5480 адам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0