Кыргызстан үчүн 2015-жылга астрологиялык божомол

Жазылуу
Жыл сайын 20-мартта белгиленүүчү Эл аралык астрология күнүнө карата астролог Олимпия Сковоронская Кыргызстандын жашоочулары үчүн 2015-жылга гороскоп түзүп берди.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Бул жыл салыштырмалуу тынч өтөт жана Кыргызстандын тургундарына эч чоң кыйынчылыктарды алып келбейт деп билдирди Sputnik кабарчысына астролог Олимпия Сковоронская.

2015-жыл жашыл жыгач эчкинин жылы деп эсептелет. Бул символ ак санатай, тынчтыкты сүйүүчү мүнөзү менен айырмланат. Жашыл жыгач эчкинин жылы 19-февралда башталды жана ал 2016-жылдын 8-февралында аяктайт.

Астрологдун айтымында, 2015-жыл көп нерсени убада кылуучу жылдардан, ошон үчүн салыштырмалуу тынч өтөт жана Кыргызстандын тургундарына эч чоң кыйынчылыктарды алып келбейт.

Бул жылы экономика тармагында көп нерселерди өзгөртүүгө чыныгы мүмкүнчүлүктөр жаралат жана бул жаңылануулар келечекте көпчүлүк жарандар үчүн чоң пайда алып келет. Бирок эсиңерде болсун: жыл биринчи кезекте камбыл жана туруктуу адамдарды калкалайт. Бул саясий деңгээлде келишимдерди түзүү үчүн эң жакшы жыл. Кыргызстан өнөктөштөрдү таап жана келечектеги өнүгүүлөр үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги олуттуу мамилелерге өтөт. Өлкөнүн дээрлик бардык ишкер мамилелери кийинки жылдарда эл менен шаарлардын гүлдөп өсүшү үчүн ийгиликтерди алып келет.

Сковоронская жыл республика үчүн бир кылка болбой турганын жана оң жылыштар терс көрүнүштөр менен улам алмашып турарын белгиледи.

"Бул жыл бардык жарандарга болочокто өз орундарын бекемдөөгө сөзсүз жардам берет. Көпчүлүк ишкерлер ири тандоо алдына келип, өз ишинин келечеги жана ийгилиги жөнүндө суроого сөзсүз кабылат. Бирок алардын басымдуу бөлүгү өз күчү менен мүмкүнчүлүктөрүн толук баалабайт. Ишкерлердин 70 пайызы иштеги жаңы ачылган мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында өз орундарын бекемдеп, ал эми 30 пайызы ошол мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай калат. Баары тең өзүнүн өнөктөштүк жана каржылык кыймыл багытын сентябрга чейин аныктап алганы жакшы", — дейт астролог.

Сентябрдан тартып, ошондой эле майдын ортосунан июндун ортосуна чейин тобокелдүү салымдарды жасабаган оң. Мындан ары да ийгиликке жетишүүнү каалагандардын урааны — 2015-жылы жаңыдан коркпоо, бирок тобокелдик кылбоо.

Быйыл өз үйүңө, курулушка, үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт бөлүү зарыл. 2015-жылы никеге турган да эң жакшы болот.

Апрелден май айына чейин

Мүлк абалында, чарбалык маселелерде реформа жүргүзүп жана кыймылсыз мүлккө байланышкан маселелерди чечүү үчүн жагымдуу мезгил. Кыргызстанга колдоо көрсөтүүчү өлкөлөр менен мамилелер жакшы түзүлөт. Саясий лидерлердин эркинин күч алышы, чечкиндүүлүгү, өз чечимдерин жана кызыкчылыктарын ишке ашырууда тайбастыгы көп милдеттерди ишке ашырууда жардам болот. Бул мезгил аралыгында коомдук иш-аракеттер кенен жайылтылып, эл менен баарлашуу күхч алып жана анын кызыкчылыктарын түшүнүү жогорулайт. Кирешелерди, капиталды бөлүштүрүү, акциялаштыруу, салык жана төлөм маселелери ачык талкууланат.

Майдын ортосунан июндун ортосуна чейин — жылдын анча жакшы эмес мезгили

Ашыкча оптимизм, каржылык бөтөнчөлүк жана көп нерсеге сокур ишенүүгө даярдык терс натыйжаларды бериши ыктымал. Билим деңгэли жана көз караштар боюнча айырмачылык сезилет. Каржылык жана ишкердик күтүүлөр акталбайт. Долбоорлорду ишке ашыруу обу жок эле кымбатка турушу мүмкүн. Ишкердикте лидерликке, өз кызыкчылыктары менен көз караштарын бекемдөөгө умтулуулар пайда болот. Акциялаштыруу, насыя жана карыз, кепилдөө, салык жана төлөм маселелрин чечүүдө ийгиликтер болбойт. Бул мезгилде башка бирөөнүн акчасын жана ишкердик боюнча өнөктөштөрдүн акчасын пайдаланбай эле койгон оң. Кадыр-баркка жана материалдык жыргалчылыкка жетишүүгө, ишкердикте алдыга жылууга ак эмгеги менен таппаган акчаны пайдаланууга карата азгырык пайда болот. 

Июндан июлга чейин жакшы мезгил болот

Бул учур баарын өз ордуна коёт. Ал баарын күчтүү болууга үйрөтүп, өлкө менен элдин келечегин аныктайт. Кесиптик алга жылыштар жана ишкердиктеги ийгиликтер болушу мүмкүн. Жана тырышчаактык, эмгекти жакшы уюштуруу,кесипкөйлүк деңгээлин жана чеберчиликти жогорулатуу аракеттеринин аркасы менен көпчүлүк адамдар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз иш чөйрөсүн таба алат. Чыдамкайлык жана өжөрлүк эрк жана кубаттуулук менен айкалышта аталган мезгилдин натыйжалуу болушуна өбөлгө түзөт. Илимий иш-аракет, руханий чыгармачылык үчүн абдан ийгиликтүү убакты. Улуттук, мадаинй көз караштарда кызктуу өзгөрүүлөр болуп, алар философиялык же диний концепциялардын өзгөрүшү менен коштолот. Ошондой эле жаңы таланттардын аты чыгып, алар ар түрдүү тармактарда ийгиликке жана кадыр-баркка жетиши күтүлөт. 

Июлдун ортосунан августтун ортосуна чейин

Жаңы долбоорлорду баштоо, жаңы ишканаларды ачуу, өндүрүштү же иш-аракет чөйрөсүн кеңейтүү кеңеш кылынбайт.

Сентябрдан октябрга чейин

Кыйын мезгил, биринчи кезекте психологиялык каатчылык, толкундануу, өзүн өзү алдоо жана сырттан болуучу терс таасирлерге берилүү менен коштолот. Көп себептерден пайда болгон өзүн кармана албагандык таптакыр туруктуу абалдан чыгарып коюушу мүмкүн.

Октябрь

Коомдук иш-чаралар үчүн эң жакшы мезгил. Келечекте өз пайдасын алып келе турган кайрымдуулук акцияларын жүргүзсө болот. Кыял-ойлор басымдуулук кылган жана сарамжал жетишсиз мезгил, ошонун себебинен ийгиликтин болушу күмөндүү. Дал ушул мезгилде мурдатан көрсөтүлгөн боорукерликтин жана жоомарттыктын акыбети кайтышын күтсө болот.

Ноябрдан декабрга чейин

Ноябрдын аягында коомдо чыңалуу жана тышкы да, ички да нааразылыктар пайда болот. Жоготуулар менен чыгашаларга, тийиштүү төлөмдөрдү албай калууга даяр болуңуз. Ишкердик активдүүлүктү чектөө керек. Энергия менен камсыз кылууда каатчылык жана кырсыктар болуп, сел жүрүшү да мүмкүн. 

Декабрда корпоративдик ишкердик, биргелешкен капитал, кирешени бөлүштүрүү, акциялаштыруу, кепилдөө, салык жана салым маселелеринде сак болуу керек. Мадаинят деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт. Ички жактан алганда көпчүлүгү келечекте жакшы гана нерселер күтүп жатканын түшүнө баштайт.

2016-жыл абалды сөзсүз теңдештирет. Жана 2015-жылы бутуна тура алгандарды келечекте чоң өсүш күтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0