Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине шайланды

© Фото / www.ktrk.kgИлим Карыпбеков
Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын коомдук байкоо кеңеши Илим Карыпбековду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилигине шайлады.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп Илим Карыпбеков шайланганын каналдын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Шестаков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Здание КТРК - Sputnik Кыргызстан
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси бүгүн тандалат
Шайлоонун жүрүшүндө Карыпбековдун талапкерлиги үчүн 14 мүчөнүн 11и добуш берген.

Шайлоого 10 талапкер катышкан, бирок алардын экөө шайлоонун жүрүшүндө өз талапкерлигин алышкан болчу.

Коомдук телерадиокорпорациянын мурдагы жетекчиси Султан Жумагулов өзүнүн каалоосу менен отставкага кеткен. Анын арызын байкоочу кеңеш бир добуштан кабыл алып, ордуна милдетин аткарып турганга Илим Карыпбековду шайлашкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0