Кыргызча китеп окуу үчүн биринчи жолу мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Жазылуу
Кыргызча китептерди интерактивдүү түрдө окуу үчүн мобилдик тиркеме чыкты.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ага Хан фондунун билим берүү программасы кыргызча китеп окуу үчүн биринчи жолу мобилдик тиркеме иштеп чыкканын фонддун маалымат кызматы билдирди.

Сариева: окуу китептеринин жетишсиздиги толук каржыланбагандык менен шартталган
Билим берүү министрлигинин алдындагы Китеп окуу боюнча улуттук комитеттин шаршемби, 18-марттагы кезектеги жыйынында Ага Хан фондунун Кыргызстандагы аткаруучу директору Карл Гёпперт китеп окуу боюнча демилгелегип жаткан инновациялык иштер менен тааныштырды. Кыргызча китептерди окууга ыңгайлаштырылган мобилдик тиркеме оюн элементтери менен балдар китептерин түшүнүп окууга жардам берет. Ошондой эле, үй-бүлө менен китеп окууга багытталган аракеттерди алдыга жылдырууга чоң жардам берет.

Маалыматка ылайык, аталган тиркемеде он балдар китептери бар. Оюн элементтерин камтыган интерактивдүү бул тиркеме кичинекей балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыра турганын фонддун өкүлдөрү белгилешти. Аталган тиркемени интернет аркылуу Google Play дүкөнүнөн сатып алса болот.

"Китеп окуу өспүрүмдүн аң-сезимин өстүрүүдө өтө маанилүү. Ал баланын логикалык ойлонуусун, ак менен караны айырмалай алуу жөндөмдүүлүгүн өстүрөт. Такай китеп окуган баланын эске тутуусу жакшы болот. Ошондой эле, өз оюн так жана башкалар менен оңой тил табыша алат", — дейт Ага Хан фондунун Кыргызстандагы аткаруучу директору Карл Гёпперт

Учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Баластан" каналында "Бирге окуйбуз" аттуу программа жүрүп жатат. Анын максаты балдарды жана ата-энелерди китеп окууга үгүттөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0