Нооруз майрамына карата милиция күзөтүүнү күчөтөт

Жазылуу
20-21-март күндөрү Ички иштер министрлигинин жеке курамы Нооруз майрамына карата күзөтүүнү күчөтөт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. ИИМдин жеке курамы коопсуздукту сактоо үчүн күзөтүүнү күчөтө турганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

20-21-март күндөрү милиция коомдук коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштей тургандыгы боюнча Ички иштер министринин буйругу чыкты.

Жол кайгуул кызматы өзгөчө мас абалында автоунаа башкарып жүргөн айдоочуларга көңүл бурат.

"Майрамдык иш-чаралар өтө турган жерге милиция жана жол кайгуул кызматынын инспекторлору көзөмөл кылат. Андан сырткары эл көп чогулган борбордук аянтка, сейил бактарга кошумча күзөт кызматтары коюлат. Бул аймактарда жол кыймылына да убактылуу чектөө коюлат", — билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Бишкек мэриясы Нооруз майрамына жүрүп жаткан даярдыктардан улам, 19-20-март күндөрү саат 10:00дөн 13:00гө чейин Чүй проспектиси, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик сейил багына чейин жол кыймылы чектеле турганын маалымдады.

"Ал эми, Нооруз күнү аталган көчөлөр саат 11.00дөн 13.30га чейин жабык болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0