Нурлан Дюшембиев КР аскердик прокурору болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы. Архив
Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Нурлан Дюшембиев КР башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору болуп дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Нурлан Дюшембиев Нарын облусунун прокуратурасын жетектеп келген.

Аскердик прокурор кызматын буга чейин Марат Эшперов ээлеген. 13-марттага Атамбаевдин буйругу менен башкы прокурордун үч орун басары – Марат Эшперов, Темирбек Бекмаматов жана Уланбек Халдаров кызматтан алынган. 

Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Кылычбек Токтогулов дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0