Атамбаев: Аксы окуясы — азаттык жолундагы чечкиндүү аракеттердин башатына айланды

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуу жасап, анын Кыргызстандын тарыхында бурулуш этап болгондугун айтты.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуу жасап, анын Кыргызстандын тарыхында бурулуш этап болгондугун айтты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуу жасап, анын Кыргызстандын тарыхында бурулуш этап болгондугун айтты.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуялары боюнча кайрылуусунда мындан 13 жыл мурда Боспиекте болгон окуя, Кыргызстан элин кийинки окуяларда чечкиндүүлүккө жетелегендигин айтты.

"2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары — эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң олуттуу бурулуштардын бири. Аксынын Боспиек айылынан карапайым мекендештерибиз баштаган кыймыл элибиздин азаттык жолундагы чечкиндүү аракетинин башатына айланды. Мындан туура 13 жыл мурун ишенимден таптакыр чыгып, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн эл жөө жүрүшкө чыккан. Анын арты кырчындай алты өмүрдү алган кайгылуу окуя менен коштолгон", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда. 

Атамбаев Аксы окуялары кыргыз эли бийликтин зордук-зомбулугуна, өзүм билемдигине моюн сунбастыгын, тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп жанын берээрин далилдегендигин, эркиндикти, көз карандысыздыкты бардыгынан жогору койгондугун айтты.

Президент элдин келечеги үчүн өз жанын берген инсандар тарыхка алтын тамга менен жазылып, эч качан унутулбастыгын билдирди.

"Аксы окуяларында жана 2010-жылдын 7-апрелинде эл үчүн өмүрүн берген мекендештерибизге таазим этип, алардын көздөгөн кыялын — таза, адилет, өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз", — деди мамлекет башчысы.

Атамбаев бул окуяга карата "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

Быйыл Аксы окуяларынын болгондугуна 13 жыл болду. Жалал-Абаддын Аксы районундагы Боспиек куралсыз эл тартип коргоо органдарынын огуна кабылып, алты киши көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0