Быйыл ажылык сапар кымбаттайт, анын так баасы марттын аягында белгилүү болот

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHАжылык сапар. Архив
Ажылык сапар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчыларды Меккеге ташый турган авиакомпаниялар тендер аркылуу тандалган соң, муфтият элге ажылык сапардын баасы канча доллар болорун так айтат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Быйыл ажылык сапар кымбаттайт, бирок, азырынча так эмес, ал тендердин жыйынтыгынан кийин белгилүү болот деп билдирди Sputnik маалымат сайтына өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов.

Архив: дин - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барып жүргөн адам Меккеге жиберем деп элден акча чогулткан
Анын айтымында, 15-марттан тарта зыяратчыларды ташый турган авиакомпаниялардан арыз алына баштайт да, анын жыйынтыгы менен ажылыктын так баасы аныкталат. 

Муфтияттан зыяратчылыктын каражатынын көбү жолго жумшалгандыктан, быйыл ажыга бара тургандарга так бааны авиакомпаниялардын тендеринен кийин жарыя кыларын айтышты.

"Ажылыкта, зыяратчылыкка кете турган акчанын 70 пайызын авиакомпания чечип жатат, мисалы былтыр жолдун эле чыгымы 1300 доллар болгон. Ажылык сапардын баасы канча болорун тендерди чечип алгандан соң, 19-марттан кийин так айта алабыз", — деди муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев. 

Өткөн жылы зыяратчылар тарабынан ажылык милдетти аткарып жүргөн учурда жата турган жайдын шартын жакшыртуу туурасында да сөз болуп, штаб мүчөлөрү бул жүйөөлүү маселе экендигин айтышкан эле.

"Дин иштери боюнча комиссия штабды эрте эле түзүш керек деген каалообузду айтканбыз, негизи уюштуруу иштерин эртелетпесе болбойт экен. Ал эми зыяратчыларды шарты талапка жооп берген, санитардык абалы жакшы, үч маал тамак менен камсыздаган мейманканаларга жаткыралы деген пландар бар. Баасы 600дөн 1000 доллардын тегерегинде болот экен, бул маселени караштырып, талкуулап чечебиз", — деди Бакыт Осмонов. 

Ажылык сапар: өткөн жылкы өзгөрүүлөр, быйылкыга талаптар
Бул жылы ажылыкка барчулар былтыркыдай эле электрондук чучукулак ыкмасы аркылуу тандалат жана зыяратчылардын саны да өзгөрбөйт. 

2015-жылы Кыргызстанга Сауд Аравиясы 3685 адамга квота берди. Муфтияттан ажылык сапарга бара тургандарды учактар августтун аягы сентябрдын башы менен ташып баштаарын билдиришти. 

2014-жылы ажылык парзын аткаруу үчүн Кыргызстандан 8-сентябрь — 25-октябрь ичинде 3 685 зыяратчы Меккеге сапар алып, алардын арасынан улгайган эки кадам каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0