Атамбаев Татарстандын президентине өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидента Алмазбек Атамбаев. Архив
Президента Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казандагы соода борборунда чыккан өрттүн курмандыктарына байланыштуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановго көңүл айтты.

Казань шаарында болгон өрттөн Кыргызстандын жараны каза болду
БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын президенти Рустам Миннихановго көптөгөн курмандыктарды алып келген Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кара түтүн Казандагы "Адмирал" соода борборунан көтөрүлдү
Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, жапа чеккендерге тезирээк сакайып кетишин каалады.

Татарстандын борбор калаасындагы соода борборундагы өрт шаршемби күнү күндүз болгон. Анын кесепетинен 17 киши каза болуп, 36 киши жабыр тартса, 14 киши ооруканага жаткырылган. Каза болгондордун арасында Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык бир жаран да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0