Балдар акыйкатчысынын кызматын КРде мыйзамдуу киргизүү сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековОмбудсмен Кыргызской Республики Бактыбек Аманбаев
Омбудсмен Кыргызской Республики Бактыбек Аманбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар балдардын укуктары бузулган учурларды аныктап жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу иштерин акыйкатчынын институтуна бекитип берүү каралган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Акыйкатчы анын институту ансыз деле балдардын укугун корго иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтат.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Парламент депутаттары Ширин Айтматова менен Дастан Бекешев акыйкатчылык институтка балдардын укуктарын коргоо ыйгарымдарын тапшырууну сунуштады. 

Алар иштеп чыккан мыйзам долбоору акыркы кездерде болгон балдарга карата зомбулук окуяларына негизделген. Демилгечилер зомбулук маселеси курч жана татаал болуп бара жаткандыгын белгилешет. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын тогуз айында өлкөдөн ар түрдүү мүнөздөгү 92 зомбулук катталса, алардын 42 пайызы балдарга карата болгон. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2014-жылы изилдөө жүргүзүп, натыйжада бирден 14 жашка чейинки балдардын 57 пайыздан ашыгы ата-энелери тарабынан психологиялык агрессияга жана уруп-согуу аркылуу жазалоого дуушар болушат.

Долбоордун авторлору эң биринчи кезекте балдарга карата зомбулук ыйгарымдуу мамлекет органдары өз убагында андай окуяларды аныктабай жаткандыгын күбөлөй тургандыгын жана профилактикалык иш жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилешет. 

Эл депутаттары балдардын укуктары бузулган учурларды аныктап жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу иштерин акыйкатчынын институтуна бекитип берүү жөнүндө толуктоо киргизүүнү сунуштап жатат. Тагыраак айтканда, ал толуктоодо акыйкатчынын орун басарларынын бирине бул милдетти аткарууну тапшаруу каралган. 

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Бактыбек Аманбаев анын институту ансыз деле аталган багытта иш алып барылып жаткандыгын билдирди. 

"Биз бул милдетти ансыз деле аткарып жаткан соң, мыйзамды кайталай бергендин кереги эмне? Менин эки орун басарым бар, дал ошолордун бири балдар маселелерин чечүү жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иштер менен алектенет. Биз Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча 2014-жыл үчүн Жогорку Кеңештин алдында отчёт бергенде депутаттарга комплексттү иш-чараларды сунуштайлы деп жатабыз", — деп белгиледи Аманбаев.

Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча институттта эк долбоор ишке ашырылууда. Акыйкатчы балдардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча күнү-түнү иштөөчү телефондук байланыш ачыла тургандыгын билдирди. Андан тышкары, 38 билим берүү мекемелеринде "аты-жөнсүз куту" системасы киргизилген. Окуучулар бир ай бою өзүнүн кайрылууларын жана зомбулук аракетин жасаган конкреттүү адамга карата арыздарын жазып, аталган кутуга сала алышат. Бир айдан кийин кутуну ачып, алынган каттар боюнча талдоо жүргүзүлүп жана чаралар көрүлмөкчү. 

Эгер акыйкатчылык инстутут бул багытта иштеп жаткан болсо, бул мыйзамдын кереги эмне деген суроого долбоордун демилгечилеринин бири "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев биринчи кезекте бул ишти мыйзамдын жана иш үчүн жоопкерчилик көз карашынан кароо зарыл деп жооп берди. 

"Омбудсмен, мүмкүн, балдардын укуктарын коргоо милдеттерин өз буйругу менен аткарып жаткандыр, бирок мыйзамдын көз карашынан суроо пайда болот. Укук коргоочулар эл менен депутаттардын алдында жооп бериши үчүн ушундай мыйзам кабыл алынганын көрсөтүш керек. Ошондуктан акыйкатчынын конкреттүү орун басарына бул милдет мыйзам аркылуу жүктөлүшү зарыл", — деди Бекешев.

Акыйкатчынын институту түздөн-түз Жогорку Кеңешке баш иет. Акыйкатчы өзү парламенттин депутаттары тарабынан шайланып, ал эми орун басарлары адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик тартип боюнча комитетт тарабынан бекитилет. Жыл сайын өлкөнүн башкы укук коргоочусу адам укуктарын коргоо боюнча парламент алдында отчёт берет. 2014-жыл үчүн отчёт коомдук талкуула алынып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0