Министр тендердик комиссияны сотко берерин тастыктады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКомплекс автофиксации нарушений ПДД в Новосибирске
Комплекс автофиксации нарушений ПДД в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жетекчиси "Коопсуз шаар" долбоорунун боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгынан "күмөн санап жаткандыгынан улам" тендердик комиссияны сотко берүү туурасындагы маалыматты тастыктады.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Ички иштер министри Мэлис Турганбаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып, "Коопсуз шаар" деп аталган мамлекеттик-жеке ишкердик өнөктөштүк долбоорунун тендердик комиссиясын ИИМ сотко берет деген маалыматты тастыктады.

Буга чейин Sputnik маалымат сайтына ИИМ менен тендердин катышуучусу болгон Dessa International Shehzhen Topform Computer Technology Co. Ltd компаниясынын аталган долбоор боюнча өткөрүлгөн тендерге карата Бишкектин райондор аралык сотуна арыз менен кайрыла турган ниетин тастыктаган документтер келип түшкөн. 

Sputnik маалымат сайтынын Турганбаевге тендердик комиссияны сотко берүү туурасында суроосуна, "ооба, эмне кылыш керек?" деп жооп берди. 

ИИМ "Коопсуз шаар" боюнча тендердин жыйынтыгын жараксыз деп табууну суранышы мүмкүн
"Коопсуз шаар" деп аталган мамлекеттик-жеке ишкердик өнөктөштүк долбоорунун жеңүүчүсү 2015-жылдын январында тендердик комиссиянын отурумунда аныкталган. ИИМ орун басары Курсан Асанов биринчи орунду "Стилсофт Бишкек", экинчи орунду Молдовалык Dessa International S.R.L., үчүнчү орунду — Швейцариялык Anteo worldwide компаниясы алганын маалымдаган. Кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" компаниясы "Стилсофт ГЧП" деген аталышта россиялык Жабык түрдөгү "Стилсофт" акционердик коому жана "Спецстройбезопасность" ишканасы менен өнөктөштүктө иш алып барат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек — аэропорт "Манас" жолдору жабдылат. Көзөмөл камералары көчөлөрдүн кесилишинде эле эмес, сейил бак жана эс алуу аймактарында дагы орнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0