"Себат" директору балдардын уулануусунан саясат көрүп жатканын айтты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Себат" кыздар лицейинин жетекчиси, балдардын уулануусу боюнча жагдайга саясий кызыкчылыктар аралашып кетиши мүмкүндүгүн, бирок, анын "кимге керектигин" билбестигин айтты.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Окуучулардын уулануусу боюнча окуяга саясат аралашышы мүмкүн, деп билдирди "Себат" кыздар лицейинин жетекчиси Шевкет Тутар. 

"Себат" директору балдар эшектин этинен ууланды деген маалыматты жокко чыгарды
Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 2015-жылдын 20-февралында "Себат" лицейинен 13 окуучу кыз түшкөн. Балдар ичи ооругандыгын айтып, дарыгерлер тамак-аштан уулануу болгондугун аныкташкан. Ооруканадан көзөмөлдөн өтүп, балдардын абалы канаттандырарлык болуп калгандан кийин, үйлөрүнө жиберилген. Бул окуядан кийин кыргыз журналистине шилтеме берген түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) балдар эшектин этинен ууланды деп жазып чыккан. 

"Буга саясий кызыкчылыктардын аралашуусу мүмкүн, бирок ким экендигин билбейм. Биздин атаандаштарыбыз жок, биз мындай система иштеген бирде-бир лицейбиз. Ал эми эшектин этинен ууланды деп жазган ЖМКларды сотко беребиз", — деди Тутар.

Лицейдин окуучуларынын биринин энеси Гүлнара Туралиева уулануу окуясына байланыштырып ЖМКларда ызы-чуу чыгарышты деп айтты. 

"Улануу Токмокто эле эмес, Бишкекте да болууда, бирок, бала бакчалардын тарбиялануучуларынын ата-энелери ызы-чуу көтөргөн жери жок. Балким, мунун баары "Себат" – кыргыз лицейи эмес экендигинен болуп жүрбөсүн", — деди Туралиева. 

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицейдин окуучулары эшектин этинен ууланды деп маалымат тараткандар сотко берилет
Лицейдин директору бул окуя боюнач беш персонал — башкы ашпозчу, анын жардамчысы, чарбалык бөлүмдүн жетекчиси жана меджайдын эки кызматкери иштен кеткендигин билдирди. 

Буга чейин Тутар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткен "Себаттын" кыздар лицейиндеги окуучулар эшек этинен ууланган деген маалымат – калп экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0