Кыргызстандык абитуриенттер Россия, Түркия, Кытай ЖОЖдорунда окуй алышат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВывешены списки абитуриентов, рекомендованных к зачислению в УрГУ
Вывешены списки абитуриентов, рекомендованных к зачислению в УрГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандар Москва мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетинде жана Кытай менен Түркиянын 97 медициналык окуу жайларында окуй алышат.

БИШКЕК, 9-мар — Sputnik. Кыргызстандык абитуриенттер Россия, Кытай, Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул туурасында КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин расмий порталы билдирет. 

Архив: экзамен алдындагы студент - Sputnik Кыргызстан
Россия окуу жайларында билим алууга Кыргызстанга 445 орун бөлдү
Ошентип, Ломоносов атындагы ММУнун (Москва мамлекеттик Университетинин) юридикалык факультети чет элдик жарандарды 2015-жылга бакалавриат жана магистратура программасына кабыл алууну жүргүзөт. Аталган университет студенттерге россиялык укуктар боюнча билим алуу жана бул өлкөгө жумушка орношуу же илимий ишкерлик үчүн келүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Түркия өзүнүн аймагындагы 97 жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүк берет. 2015-жылдын 17-майында дүйнөнүн 27 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да экзамен тапшырылат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кытай да 2015-2016-окуу жылы үчүн медициналык жогорку окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0