23:27 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Улицы города Бишкек

Чоңдордун баарын кызылчага каршы эмдөөнүн зарылчылыгы жок — Аалиев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы (16)
38 0 0

Бала кезинде эмделген чоң кишилердин азыр кызылча менен ооруп жатышы ар бир адамдын иммунитетине жараша болот дейт жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын улуу курактагы бардык жарандарын кызылчага каршы эмдөөнүн зарылчылыгы жок деп билдирди Sputnik сайтынын кабарчысына Республикалык жугуштуу оорулар боюнча клиникалык бейтапкананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Анын айтымында, бала кезинде эмделген чоң кишилердин азыр кызылча менен ооруп жатышы ал адамдын иммунитетине жараша болот.

"Эгер иммунитети начарлаган болсо, адам бала кезинде эмделгенине карабай, ооруга чалдыгышы ыктымал. Азыр биринчи кезекте 10 жаштан 19 жашка чейинкилер эмделүүдө. Чоңдор кызылча менен ооруган адамдын жанында болгону аныкталган учурда гана эмделет", — деп түшүндүрдү жугуштуу оорулар боюнча бейтапканын башкы дарыгери.

Ошондой эле, ал Кыргызстанда кичине балдарга караганда, чоңдордун арасында кызылча менен ооругандар азыраак экендигин айтты.

"Бирок улуу курактагылар үчүн бул ооруну көтөрүү кыйын, себеби жогорку дем алуу жолдору сезгенип, айрым учурда пневмония болушат", — деди Аалиев.

Саламаттык сактоо министрилигинин маалыматына ылайык, азыркы күндө өлкө боюнча кызылчага чалдыкты деген шек менен 9 миң 817 адам катталып, алардын ичинен 2 миң 288 адамдын дарты лабораториялык жол менен тастыкталды. Улуу курактагылардын саны жалпы катталгандардын ичинен 2 миң 678 адамды түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова оорунун алдын алуу максатында чоңдор да, балдар да киши көп топтолгон жерлерден оолак болууга аракет кылып, ооруканага барганда медициналык маска кийип, колду тез-тез жууп жана бөлмөнү сөзсүз желдетип туруу зарыл экенин билдирди.

Тема:
Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы (16)

Тема боюнча

Кыргызстанда кызылчага каршы улуттук эмдөө кампаниясы өтөт
Кызылчага каршы массалык эмдөө 2-марттан тарта башталат
Атамбаев министр менен өлкөдөгү кызылча оорусунун абалын талкуулады
Белгилер:
кызылча оорусу, Гүлжигит Аалиев, Бактыгүл Исмаилова, КР Саламаттык сактоо министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ