11:01 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
71 0 0

Текшерүү учурунда бир катар кафелердин ишмердиги токтотулуп, "Бергул" колбаса цехи жабылды.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы 150дөн ашык коомдук тамактануу жайлары эшек этине карата текшерилгенин Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда бир катар кафелердин ишмердиги токтотулуп, "Бергул" колбаса цехи жабылды.

"Үч кафенин тоңдуруучу муздаткычтарындагы эттин коштоочу документтери жок болгондуктан алар мөөрлөндү. Комиссия бардык мал союлуучу жайларды, эт саткан дүкөндөрдү, кафе, ресторандарды жана соода түйүндөрүн текшерип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Сокулук районундагы сарайлардын биринде эшекти союу окуясы ачыкка чыккандан кийин борбор калаадагы эт саткан жерлер тыкыр текшерилүүдө.

Тема:
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
Белгилер:
Бишкек, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, текшерүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ