Лицейдин окуучулары эшектин этинен ууланды деп маалымат тараткандар сотко берилет

Жазылуу
"Себат" билим берүү мекемесинин Токмок шаарындагы кыздар лицейиндеги окуучулардын уулануусу "эшектин этинен эмес, быштактан болгонун" мекеменин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Себат" билим берүү мекемеси 2-март күнү Yeni Akit интернет басылмасында жарыяланган кабар чындыкка коошпой турганын расмий түрдө билдирди. 

Yeni Akit басылмаса кыргызстандык журналист Абдүлмежит Чаркыноглуна таянуу менен билим берүү мекемесинин Токмок шаарындагы кыздар лицейинин окуучулары эшектин этинен ууланды деп жазган. Бул такталбаган маалыматтар Кыргызстандын да бир катар электрондук басылмаларына жарыяланган.

"Себат" лицейинин окуучулары стафилококктон ууланган болушу мүмкүн
Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кыргызстандын тиешелүү кызматтарына бул окуялардын изилдениши боюнча кайрылуу жасады. Анын жыйынтыгына жараша, билим берүү мекемеси ар-намысын жана репутациясын коргоо боюнча соттук доо арыз даярдала турганын маалымдады. 

Аталган билим берүү мекемеси такталбаган маалыматтардын ЖМКларда жарыяланышы окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин нааразычылыгын жаратканын белгиледи.

20-февраль күнү Токмок шаарындагы башталгыч класстын окуучулары ууланган. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору анын себеби быштак менен сүттөн экенин аныктаган.

Билим берүү жаатында Кыргызстанда 23 жылдан бери иш алып барган мекеме, ар бир азык-түлүктү тиешелүү сертификаттардын негизинде гана сатып аларын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0