Зомбулукка дуушар болгон балдар сөзсүз реабилитацияланышы керек — психолог

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБалдар. Архив
Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Денелик жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгон балдар психологиялык реабилитациядан сөзсүз өтүшү керек деп эсептейт эксперт-психолог Перизат Асылбаева.

БИШКЕК, 5-мар — Sputnik. "Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун эксперт-психологу Перизат Асылбаева денелик жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгон балдарды реаблитациялоо зарылчылыгы жана баскычтары тууралуу Sputnik кабарчысына айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, зомбулукка туш болгон балдарды атайын жардам берүүчү борборго алып келүү зарыл. Ал жерлерде болгон окуяга жараша жеке же топтордо психологялык жардам көрсөтүлөт.

"Сексуалдык зомбулуктан кийин биринчи мезгилде балада өзүн күнөөлөө сезими пайда болот. Ал сезимди жоюш керек. Кээде балдар тил албаган үчүн же бир жаман нерсе жасаган үчүн аларды ушинтип "жазалашты" деп ойлойт. Бала өзүн күнөөкөр сезиши анын жеке баасына катуу таасир берет. Себеби бир нерсеге өзүн айыптуумун деп ойлогон адамды башкарып алыш жеңил болот. Эң биринчи кезекте бала кырдаалдын курманы экендигин, анын эч бир жасаганы же жүрүм–туруму буга себеп болбогонун түшүндүрүү керек. Зомбулукчу жалгыз күнөөлүү экендигине ал сөзсүз ынандыруу керек", — дейт Асылбаева.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда баалуулуктар жоголгондуктан балдарды кордоо көбөйдү – психолог
Андан ары психолог баланы реабилитациялоо анын жаш-курактык өзгөчөлүгүнө жараша болорун белгиледи. Өспүрүм менен иштөөдө эмнеси болсо да ал баарын туура кылгандыгына ишендириш керек. Себеби ал аман калды жана бул абалдан чыга алды. Күнөөкөрлүк сезиминин үстүндө иштегенден кийин бала окуя учурунда сезгендеринин баарын айтып бериши керек. Коркунучпу же денесинин ооруганынбы, эч нерсени ичине сактабай айтышы зарыл. 

"Балада мындай окуядан кийин коркуу, оору жана уят сезимдери болот. Эгер сексуалдык зомбулукка барган анын тууганы болсо, бала, мисалы, атасын, агасын, же таекесин бир эле мезгилде жакшы да көрөт, жек көрөт дагы. Ал өзүн кандай алып жүрүштү билбейт, ошон үчүн эч кимдин колдоосун, жөлөк-таягын сезбей, ал аргасыз абалда калат, кайда барарын билбейт. Мындай абалда адам тынчсыздануу сезимине кабылып, анын психикалык күчү эмне болуп кеткенин түшүнгөнгө жумшап, элегей болуп калат", — деп түшүндүрдү Асылбаева.

Анын маалыматы боюнча, караңгыда баланын көзүнө ар кандай нерселер көрүнө баштайт. Ошондуктан бала сөзсүз өзүнүн сезгендерин айтышы керек. Бул үчүн түрткү берүүчү суроолорду берүү зарыл, муну психолог жасай алат.

Кичинекей балдар менен бул ишти алып баруу татаалыраак, себеби алар эмне жакшы, эмне жаман экенин толук биле элек жана зомбулук туура эмес дегенди бир жактуу айкын түшүнбөйт. Кичинекейлер менен сүрөт тартуу аркылуу иштешет. Бала сүрөттө өзүнүн корккондорунун баарын чагылдырат.

"Баланын тарткан сүрөтүндө коркунучту жана тынчсызданууну кантип ажыратып түшүнүүнү психологдор билет. Мисалы, бала тандап алып тартып жаткан карандаштын түсү көп нерсени берет: эгер ал күндү, жанында болсо булут же жамгырды тартса, демек баланы бир нерсе тынчсыздандырып же маанайы чөгүп турат. Сүрөттө майда-чүйдө нерселердин көп болушу да баланын тынчсыздануусун билдирет. Ал тургай, карандаш менен баса тартканы да мааниге ээ", — дейт Асылбаева.

Топ менен өткөрүлгөн сабактардын жүрүшүндө балдар бири-бири менен сүрөт алмашып, психолог катарлаш отургандын тартканын кошмчалап, мисалы гүл, күн, жылмаюуну тартып, "кооздогонго" мүмкүнчүлүк берет. Мындай учурда да реабилитация жүрөт, анткени сүрөт менен кошо баланын чыныгы абалы жакшырып, маанайы көтөрүлөт. 

"Андан ары баланын ойлорунун үстүндө иш жүрөт. Биз ага келечекте өзүн коргой ала тургандыгы тууралуу айтабыз. Иш баланын өзүн өзү баалоодон жана өзүнө болгон ишеничинен башталат. Психолог аны "жок" деп айтууга, башкача айтканда, баш тартууга үйрөтөт. Себеби көп учурда зомбулукчулар башынан эле баш тартканды билбеген балдарды пайдаланышат", — деди эксперт.

Улицы города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Психолог: агрессия менен эркектер өз көйгөйлөрүн жашырууга аракет кылат
Ошондой эле социалдык кызматкерлер зомбулукка дуушар болгон балдардын үй-бүлөлөрү менен да иштешет. Ата-энелерге балага кантип мамиле кылууну, баланын жаш-курагына байланышкан кандай өзгөчөлүктөрү бар экендигин, зомбулук деген эмне жана андан кийин бала кандай сезимдерге туш боло тургандыгын түшүндүрүп беришет. Адистер улууларды бала өзүн манилүү экендигин жана жеке инсан катары сезгидей кантип мамиле кылууга үйрөтүшөт. 

Психологдор бала психикалык жактан да, денелик жактан да саламаттыкта болушу үчүн атайын тренингдик көнүгүүлөрдү өткөрөт. Бала зомбулуктан кийин "кир жана бузук" деп сезген өз денесин кайра жакшы кабыл алууга үйрөтүүчү атайын көнүгүүлөр бар. 

"Эгер бала реабилитациянын бардык ушул баскычтарынан өтсө, кайрадан башкалар менен эриш-аркак жакшы жашап кете алат: ачык баарлаша билип, өзүнө ишенүү сезими пайда болот. Ооба, ал ушундай оор сынакты башынан өткөрдү. Бирок реабилитациядан кийин бала өзүнүн денеси, ички дүйнөсү жана өзүн өзү баалоосу бири-бирине туура келиши керектигин түшүнөт", — деп белгиледи Асылбаева.

Ал психологиялык реабилитация зомбулукка туш болгон балага кыйынчылыктарды жеңип, келечекте өзүн коргоого гана жардам бербестен, мындай ишти башкаларга карата жасабоо керектигин түшүнөт. Бала туура мамиле кылуунун үлгүсүн көрсө, өзү да башкаларга ошондой мамиле кылууга үйрөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0