Акаев: Сартбаевди абакта кармоо боюнча соттун чечимине президент да канааттанган жок

Жазылуу
КР президентинин маалымат катчысы Жанар Акаев журналист Аслан Сартбаевдин камалышы боюнча журналисттердин кайрылуусун сот эске алып, сот өз чечимин жумшартаарына үмүттөнөт.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. "Бейбаштык" беренеси боюнча айыпталып эки ай камакка алынган "Азия news" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев боюнча акыйкат чечим кабыл алууну өтүнүп президентке кайрылган.

Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев дагы журналисттердин кайрылуусун колдой турганын өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Мен да ушундай эле пикирдемин, тергөө органдарынан Сартбаев боюнча белдүү журналисттердин кайрылуусуна көңүл буруп, анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, башкы редакторду абакта кармоо чечимин жумшартышын өтүндүм. Бул маселени президент менен да талкууладым, ал да соттун чечимине канааттанган жок", — деген пикирин жазды ал.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
"Учур" гезитинин башкы редактору убактылуу кармоочу жайга камакка алынды
Акаев ошондой эле, айыпталып жаткан Сартбаев ага кепил болуп, аны коргоп жаткан кесиптештерин көрүп мындан ары тапанчасын орунсуз колдонуп, ок чыгарууга барбайт деп ишене турганын да кошумчалады.

Башкы редактор менен жеке ишкер Самсаалы Четинбаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп, редактор тапанчасын алып чыгып, жеке ишкерди атып салам деп коркуткан. 

Жеке ишкердин айтымында, алардын ортосундагы пикир келишпестик журналисттин анын аброюна шек келтирип жазган макаласынан улам келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0