01:56 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.8433
  • EUR90.4984
  • RUB1.0362
Коом
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Мамлекеттик туу күнүнө карата Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы сейил бакта студенттердин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда флешмоб өттү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен студенттердин жана эстрада ырчыларынын катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Иш-чарага келген студенттер колдоруна Кыргызстандын желектерин кармап, министрликтин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтты.

Эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева мамлекеттик туу күнүнө карата чогулган жаштар менен биргеликте "Асаба" аттуу ырына клип тартууга да жетишти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү 2010-жылдан баштап, 3-март сайын майрамдалып келет. Майрам өлкө президентинин 2009-жылдын 10-июндагы жарлыгы менен бекитилген. Майрамдын максаты жарандарды өлкөнү сүйүүгө, мамлекеттик символдорго сый-урмат көрсөтүп, мекенчилдик сезимди даңазалоо болуп саналат.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Тема боюнча

Эң бийик флагшток
Белгилер:
туу, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Маматбек Сыдыков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Бекбосун Жайчыбеков, Эдиль Айдарбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ