Атамбаев Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик туунун кабыл алынганына быйыл 23 жыл толот. Бул күн майрам катары президенттин Жарлыгы менен расмий түрдө 2010-жылдан баштап белгилене баштаган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, кыргызстандык ар бир жаран мамлекеттик тууну көргөндө өзүн ынтымактуу чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары сыймыкка бөлөнүшүнө жетишишибиз керек деди.

"Максатыбыз – мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо. Ушул жаркын майрамда бардык мекендештерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Өлкөбүздүн ачык асманы алдында ар дайым Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин!", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү 2010-жылдан баштап, 3-март сайын майрамдалып келет. Майрам өлкө президентинин 2009-жылдын 10-июндагы Жарлыгы менен бекитилген. Майрамдын максаты — жарандарды өлкөнү сүйүүгө, мамлекеттик символдорго сый-урмат көрсөтүп, мекенчилдик сезимди даңазалоо.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Жаңылыктар түрмөгү
0