Эшек этинин чыры кээ бир чиновниктерди кызматынан алганы калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК комитети эшек эттеринин союлушу жана анын коомдук тамактануу жайларына тарашы боюнча маселени тыкыр иликтеп чыгууга өкмөткө 15 күндүк мөөнөт берди.

Бишкек, 2-март, — Sputnik. Эшектер Бишкектин жанындагы айылда союлуп, эттин даярдалышы боюнча тиешелүү чара көрүүгө ЖКнын агрардык саясат боюнча комитети өкмөткө 15 күндүк мөөнөт берип, бир катар кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алды.

Сокулук районунун Ак-Жол аймагында эшектерди жашыруун союу фактысы боюнча маалыматты парламенттин тармактык комитети укту. 

Муздаткычтагы эшектердин эттери - Sputnik Кыргызстан
Такырбашев: союлган эшектердин эттери сатылбастан, муздаткычтарда сакталып турат
Депутаттарга аталган темада телеге алып чыккан КТРК журналисттери, ИИМ орун басары Калыбек Сатыбалдиев, Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн өкүлү жана тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.

Талкууда кесиби ветеринар депутат Талантбек Узакбаев бул окуя боюнча актанып жаткандардын көзүн ачып, ветеринария жөнүндө мыйзам бузулгандыгын, эшек этин Гонконгго экспорттоо бул кадимки эле көз боемочулук экенин, эгер эшек эти базарларга киргендиги чын болсо, анда базар ветеринарларынын накта кылмыш жасаган деген пикирин билдирди.

 "Бул ишке түздөн-түз тиешеси бар кызмат адамдарынын жеке жоопкерчиликтери каралышы зарылдыгын комитеттин чечимине киргизүү зарыл", — деди Узакбаев. 

Депутат Эсенгул Исаков бул боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин кароону сунуштады. 

"Малдын башын идентификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынгандыгына карабай анын аткарылышын улам кийинкиге жылдырылып келе жаткандыгынан улам ушундай жагымсыз окуя болуп жатат", — деди депутат Исаков. 

"Бул иш улуттун намысына шек келтирди, мындай факт биринчи жана акыркы ирет болушу керек, буга кескин чараларды көрүү зарыл", — деди Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет төрагасы Сайдулла Нышанов.

Соңунда бул маселе боюнча тиешелүү чара көрүү боюнча КР Өкмөтүнө 15 күндүк мөөнөт белгиленип, чечим кабыл алынды.

Аталган факт коомчулукка жарыялангандан кийин депутаттар бул маселе боюнча парламентте ар түрдүү маселелер учурунда да көтөрүлгөн. Анда депуат Исаков бул маселени Жогорку Кеңеш жыйынында көтөрүп, тиешелүү комитеттин кароосуна протоколдук тапшырма берилген.

Буга чейин аталган чыр боюнча эшек союп, эттерин экспортко даярдады делген "Кай-Тал" ишканасынын жетекчилиги, эттердин Кытайдагы Гонконг шаарына жөнөтүлмөк деген мааламат берген.

Ал эми андан бир нече күн өткөндөн кийин жарандык активисттер эшек эттеринин өрттөлүп, ал эми аны союп, тараткнадар жазага тартылсын деген талап менен тынчтык митингине чыгышкан.

"Кай-Тал" ишканасынын өкүлдөрү эшек эти сатылбастан, Финполиция тарабынан арестке алынгандыктан, Бишкек шаарындагы муздаткычтуу кампаларда сакталып тургандыгын маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0