Сариева ректорлорго ЖОЖдордогу түзүмдүк бөлүмдөрдү жабууну тапшырды

© Фото / Турарбек ОмуралиевМинистр образования и науки КР Эльвира Сариева
Министр образования и науки КР Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку окуу жайда бир гана юридикалык тарап болушу керектигин КР Билим берүү министри белгиледи.

БИШКЕК, 1-март — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу жайларындагы юридикалык жак деген статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү жабууну ректорлорго тапшырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ректорлого министр мындай буйрукту Коргоо кеңешинин коррупциянын алдын алуу боюнча берген кеңешинен кийин берди.

"Быйыл мамлекеттик бардык окуу жайлар иштеринин сапатын көргөзгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Бир окуу жайда бир эле юридикалык тарап болушу керек. Мындан ары мындай юридикалык жактарды түзүүгө негиз жок. Ректорлор бул багытта иштерди башташ керек", — деди ал.

Билим берүү министри алдыдагы кампанияны сапаттуу өткөрүү керектигин айтып, абитуриенттердин жогорку окуу жайга кабыл алууда гранттык комиссиялардын ишин ачык-айкын кылуу керектигин кошумчалады. 

"2012-2014-жылдары гранттык орундарга абитуриенттерди кабыл алууда боюнча билим берүү министрлигинин жумушчу тобунун корутундулары кубанарлык эмес", — деди Сариева.

Министр ошондой эле, алдыда турган кампания таза жана мыйзамды сактоо менен ишке ашышы керектигин баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0