Жазгы аскердик чакыруу апрель айынан тарта башталат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОтправка новобранцев в армию
Отправка новобранцев в армию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель-июнь айларында жазгы аскердик чакырууну ишке ашыруу үчүн Алмазбек Атамбаев тийиштүү жарлыкка кол койду.

БИШКЕК 1-март — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жарлыкка ылайык, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун деп токтом кылынат.

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2015-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Өкмөт мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоого тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0