06:15 20 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
449 0 0

Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жергиликтүү тургундар митингге чыгып, союлган 605 эшектин этин көрсөтүүнү талап кылышты.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жарандык активисттер митингге чыкты. Алар "Кайтал" АКтын иштерине нааразы болуп, "Эшектин эттери өрттөлсүн!", "Адамды теңебегиле итке!", "Адал акчабызга арамды сатып жебейли!" "Эшекти сойгондор жазалансын!" деген плакаттарды көтөрүп келишти. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эшекти союп сатууга каршы митинг Ак-Жол айылында өттү

Дача айылынын тургуну Самара Акматова алардын суу ташып ичкен эшеги уурдалганын айтты.

"Биздин айылдагы эшектер жоголуп жатат. Биз суусу жок жерде жашагандыктан аны эшек менен ташып ичебиз. Аны күнүмдүк турмушта көп колдонобуз. Биздин эшекти уурдап кетишти. Кошунамдын эшеги менен суу ташып атсак аны да уурдап кетти", — деди ал.

Митингге чыккандар "Кайтал" АКтын өкүлдөрүнүн "эшектерди мыйзамдуу сатып алып соебуз" деген сөзүнө ишенбей тургандыктарын айтышып, жергиликтүү бир да тургун "эшегимди саттым" деп айтканын укпаганын белгилешти. 

"Булар эшектерди уурдап келип союп жатат. Жакын айылдарда эшек калбай калды", — дешти алар.

Митингге келген акимчиликтин өкүлдөрү союлган эшектин эттеринин баары мөөрлөнүп коюлганын айтты.

"Учурда эшектин эттеринин баары сакталып турат. Эч бир жакка сатылган жок. Бул боюнча жергиликтүү кызматтын баары кызуу иштеп жатат. Бүгүн укук коргоо органдары аталган иш боюнча жыйынтыкты чыгарат", — деди ал.

Эгер эшек сойгон компаниянын жетекчисинин күнөөсү аныктала турган болсо, ал мыйзам алдында жооп берерин акимчиликтин өкүлү кошумчалады.

Митинг аяктагандан кийин аталган ишти териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлдү.

  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Митингчилер эшектер союлган сарайдын жанында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Нааразы болгон эл эшектин этин көрсөткүлө деп, аны өрттөөнү талап кылышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Митингге 100-110дой киши катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Эшектин эттери союлган объекттердин бири
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Митингчилер алардын эшектери уурдалганын айтышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
    Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жарандык активисттер митингге чыкты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Митингчилер эшектер союлган сарайдын жанында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен.

Эшекти союп этин сатып жатат деген маалымат 24-февраль күнү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан көрсөтүлгөн.

Бул иш менен алектенген "Кайтал" АКы алардын иши мыйзамдуу экенин айтып, аларга тагылып аткан айыптар негизсиз экенин билдиришүүдө.

Тема:
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
Белгилер:
Сокулук району

ЭҢ МААНИЛҮҮ