КР менен РФ окумуштуулары эки өлкөнүн тарыхый байланышы тууралуу долбоор түзүшөт

© Sputnik / Михаил РогожинКруглоый стол "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках"
Круглоый стол Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дүйнөлүк деңгээлде маалыматтык согуш жүрүп турган шартта тарыхый факттарды жана алардын чечмеленишин методологиялык жактан туура жеткирүүнүн мааниси чоң", — дейт тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова.

Итоговое сочинение в российских школах - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: КРдин тарыхын Россия менен СССРдин тарыхысыз окутууга болбойт
БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. "XVIII-XX кылымдардагы кыргыз-россиялык өз ара мамилелер" деп аталган эл аралык тегерек столдун катышуучулары шаршемби күнү кыргыз-россиялык карым-катнаш тарыхын жазуу боюнча россиялык жана кыргызстандык окумуштуу тарыхчылардын катышуусундагы эл аралык долбоор түзүү чечимин кабыл алышты.

Окумуштуулардын жолугушуусун "Биримдик" коомдук фонду Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университет менен биргелешип уюштурду. Тегерек столго окумуштуулар, эксперттер, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 10дон ашык докладдар менен билдирүүлөрдү жасады. Окумуштуулардын алдыга койгон башкы максаты Кыргызстан менен Россиянын тарыхый калыптанган өз ара мамилелерин объективдүү талкуулап жана азыркы жаштарды эки элдин тарыхый салттарынын, маданиятынын, тилектештигинин нугунда тарбиялоо маселесин кароо болду. 

Арабаев атындагы КМУнун Социалдык-укуктук билим берүү тарыхы институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова илимий форумдун максаты мектептерде тарых сабагын окутуучу мугалимдерге конкреттүү жардам көрсөтүү деп белгиледи.

© Sputnik / Михаил РогожинДиректор института истории социально-правового образования КГУ имени Арабаева доктор исторических наук Назира Курбанова
1/3
Директор института истории социально-правового образования КГУ имени Арабаева доктор исторических наук Назира Курбанова
© Sputnik / Табылды КадырбековУчастник Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках" Сергей Масаулов
2/3
Участник Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках" Сергей Масаулов
© Sputnik / Михаил РогожинУчастники Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках"
3/3
Участники Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках"
1/3
Директор института истории социально-правового образования КГУ имени Арабаева доктор исторических наук Назира Курбанова
2/3
Участник Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках" Сергей Масаулов
3/3
Участники Международного круглого стола "Кыргызско-российские взаимоотношения в XVIII-XX веках"

"Азыр тарых илиминде трансформациялоо процесси жүрүп жатат. Союздук республикалар өз алдынча тарап кеткенден бери тарыхты бурмалап жана кубултуп кайра кароолор пайда болду. Улутчулдук, ксенофобия, ал тургай, фашисттик маанайлар өсүп бара жатканы байкалат. Тарых идеологиялык илим экендигин эске алып, тарыхый факттарды жана алардын чечмеленишин методологиялык жактан туура жеткирүү керек. Дүйнөлүк деңгээлде маалыматтык согуш жүрүп турган шартта бул эң маанилүү фактор болуп эсептелет", — деди Курбанова.

"Биримдик" КФнын аткаруучу директору Олег Сернецкий азыркы иш-чара жыл сайын өткөрүлүүчү жакшы салтка айлангандыгын белгиледи. 

"Жолугушуунун натыйжасында окумуштуулар жаңы геосаясий шарттарда КМШ мейкиндигине илимий жана маданияттар аралык диалогду кеңейтүү боюнча бир пикирге келишти. Окмуштуулар кыргыз-россиялык карым-катнаш тарыхын жазуу боюнча россиялык жана кыргызстандык окумуштуу тарыхчылардын катышуусундагы эл аралык долбоор түзүүнү чечти. Бул долбоордун максаты – эки өлкөнүн бирге башынан өткөндөрдү конструктивдүү чечмелеп берүү. Ал мектептер менен лицейлер жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдарынын негизин түзүп, жалган улутчул кызыкчылыктардын пайдасына тарыхты бурмалоонун алдын алат", — деп түшүндүрмө берди Сернецкий.

Ал ошондой эле окумуштуулар кыргыз-россиялык карым-катнаш тарыхы боюнча кыргыз жана орус тилдеринде телеберүүлөрдү уюштурууну сунуштагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0