Ош: аялдар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИслам. Архив
Ислам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшүндүрүү иштерине диний билими бар лидер аялдар жана теология факультеттерин аяктаган студенттер катышат.

Бишкек, 24-фев, — Sputnik. Ош облусунда кыз-келиндер арасында диний темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында Ош облусунун казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

"Аc-Сарахсий" мечитинде түшүндүрүү иштери уланууда
Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов менен Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн баш имам-хатиби Абдирахим ажы Нышанов жана Шарк айыл өкмөтүндөгү "Ибн-Масхид" мечитинин имам-хатиби Халилилло Тешаевдер менен жолугушуу учурунда бул тема талкууланды. 

Анда мечиттерде үгүт-насаат жүргүзүүдө акыйда, мазхаб иштерин окутуу маселеси каралып, аталган иштерди эл арасына жеткирүүдө бирге иш алып барууну сүйлөшүлдү. Сирияга азгырылып кеткендердин арасында аялдар да кездешип жаткандыгы өзгөчө белгиленип, көйгөйдүн алдын алуу боюнча тез аранын ичинде аялдар арасында да түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмалары берилди. Түшүндүрүү иштерине диний билими бар лидер аялдар жана теология факультеттерин аяктаган студенттерди катыштырып, жергиликтүү телекеналдарда атайын талкуу, ток-шоулар уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0