Кыргызстандын инсандары Советтик аскердин катарында кызмат ѳтѳгѳн күндѳрү

© Фото / из личного архива Талантбека ИсаеваИзвестные люди Кыргызстана в рядах Советской Армии.
Известные люди Кыргызстана в рядах Советской Армии. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын белгилүү адамдары Советтик аскерлердин катарында дүйнѳнүн булуң-бурчунда кандай кызмат ѳтѳгѳндѳрү тууралуу Sputnik материалында айтып беришет.

БИШКЕК, 23-фев — Sputnik. Ата мекенди коргоо күнү мурдагы СССРдин ѳлкѳлѳрүндѳ эркектердин эң башкы майрамы болуп эсептелет. Бул күн аскерлердин гана майрамы экендигине карабастан, кичине балдардан тартып, чоң аталарга чейин куттукташат. Дал ушул 23-февраль күнү алыскы совет доорунун таңында Кызыл Аскердин алгачкы топтору түзүлгѳн эле. 

Sputnik фото тасмасында Кыргызстандын атактуу инсандары менен саясатчыларынын Советтик аскердин катарында кызмат ѳтѳгѳн күндѳрү чагылдырылган.

Күч тармагы боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев СССРдин Коргоо министрлигинин Башкы штабына караштуу Новосибирсктеги эки айлык окуудан ѳткѳн. 80-жылдардын башында Аскер кызматын ага лейтенант наамында аяктаган.

Белгилүү саясатчы, "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясынын аскердик билим берүү кафедрасында үч айлык аскер кызматын Киев аскер аймагына караштуу Белая Церковь шаарчасында ѳтѳгѳн. Анын айтымында, ал мото жѳѳ аскерде кызмат кылгандыктан, курал-жарак менен тааныш, танк жана БМП башкара алат.

"Кыргызалтын" ААКнын башчысы Токон Мамытовдун аскердик тажрыйбасы чоң. Азыр генерал-лейтенант наамында. Советтик аскердин катарында милдеттүү кызматын 1972-жылдын 1–ноябрынан 1974-жылдын 4-ноябрына чейин Чехословакияда Калинин атындагы 48-Ропшинск кызыл туулуу дивизиянын 716-зениттик-ракеталык полкунда аскердик милдетин аткарган. Мамытов аскердик кызмат абдан кызыктуу болгон дейт, себеби анын полктоштору Советтер Союзунун бардык-булуң бурчунан келгендер болчу. 

"Мен ошол жактан КПССтин мүчѳсү катары ѳткѳм. Бирге кызмат ѳтѳгѳндѳрдүн айрымдары менен азыр да доспуз", — деп айтып берди "Кыргызалтындын" башчысы.

Талантбек Исаев азыр Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик адистештирилген күзѳт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчилик ордун ээлейт. Мурда жол-күзѳт кызматын башкарган, милициянын генерал-майору. Ал да Советтик аскерлердин катарында Германиянын Брандербург шаарында эки жыл кызмат ѳтѳгѳн. Ал кезде бул шаар ГДРге карачу. Исаев 1985-1987-жылдары №24552 аскер бѳлүмүнүн инженердик-саперлор бригадасында чалгынчылар взводунда кызмат кылып, аны старшина наамында аяктаган.

"Кызыктуусу, биздин бѳлүмдүн аймагында ѳткѳн кылымдын 20-жылдарынын башында Адольф Гитлер ѳзү кызмат ѳтѳгѳн экен. Казармаларда свастиканын жана немис бүркүттѳрүнүн тартылган издери бар болчу. Алар дубалдар бир нече жолу оңдолгонуна карабай баары бир билинип турар эле", — деп айтып берди Исаев.

Дал ошол милдеттүү аскердик кызматы учурунда ѳз взводунун курамында ал миналар жүктѳлгѳн аскердик унаалардын жол кыймылын жѳнгѳ салып турган.

"Менин взодум жол кыймылына жооп берчү. Ошондо эле менин жол күзѳт кызматындагы алгачкы кадамым башталган экен", — деп күлѳт генерал-майор.

Авланбек Жумабаев, медиа менеджер жана ѳкмѳттүн маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Балтика флотунун Аскердик аба күчтѳрүнүн атайын бѳлүмүндѳ кызмат ѳтѳгѳн. Элде жѳн эле деңиз авиациясы деп аталат. Аскер кызматынд ага сержант наамында жана бѳлүмдүн командири болуп туруп аяктаган.

"Менин аскердик кесибим — авиациялык жабдуулардын механиги (кара кутулар боюнча адис). Учкучтардын кабинасындагы бардык кѳрсѳткүч жабдууларды текшерчүмүн, ошондой эле кислород менен толтурулушун кѳзѳмѳлдѳѳ да менин милдетим болчу. Атайын лабораторияларда учактын бардык агрегаттарынын учуу мезгилинде жакшы иштеши текшерилер эле. Анын баары кара куту деп аталуучу жабдыктын тасмасына жазылат", — деп айтып берди Жумабаев.

Кара кутудагы тасмалардын баарын ѳз колу менен орнотчу экендигин кошумчалады ал.

"Борт журналына мен кол коймоюнча, бир да учак учуп чыкчу эмес. Ал тургай, бир жолу эскадрильянын командири мени кол койдура албай койгон – анча маанилүү эмес бир жабдыкта бир аз бузук бар болчу. Техник аны четтеткенден кийин гана мен журналга кол коюп бергем", — деп бѳлүштү ѳз эскерүүлѳрү менен учкуч-деңиз жоокери.

Балтика флотунда кызмат ѳтѳѳнүн дагы бир бѳтѳнчѳлүгү, Жумабаев эч качан ѳтүк кийген эмес, ал дайыма атайын техникалык жеңил бут кийимчен жүргѳн экен.

Ырчы Гүлбара Мамбетакунова — аскер кызматкери, болгондо да анык кызматтагы. Ал КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинде прапорщик наамында кызмат ѳтѳйт.

"Кызматка 2005-жылы конкурс аркылуу келгем. Азыр ансамблдин солистимин. Биздин топ 14 кишиден турат. Мен ѳз ишимди абдан жакшы кѳрѳм", — дейт ырчы.

Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Сайдулла Нышанов аскер кызматын Монголияда 1984-1986-жылдары 1820 аскер бѳлүмүндѳ ѳтѳгѳн.

"Мен танктуу мото аткычтар дивизиясында аскердик милдетимди аткардым. Бир жарым жыл айдоочулук кылып, генералды ташыдым", — деп эскерет эл ѳкүлү.

Нышанов 16-совет республикасында кызмат ѳтѳѳ анын эң бактылуу жылдарынан болгонун кошумчалады. Аны менен бирге кызмат ѳтѳгѳн бир нече кыргызстандыктар бѳтѳн жерде жалгыздыкты сездиришкен эмес.

Белгилүү ырчы, палоону катыра жасаган Адиль Чекилов Москва облусундагы Химки шаарында химиялык аскердик бөлүктө мекен алдындагы милдетин өтөгөн. Кийин ал Горьков андан соң Иванов облустарына которулган.

"Мен эки жыл кызматымды так аткардым. Биздин убакта эгер сенин ден соолугун чың болсо, анда сен аскердик милдеттиңды сөзсүз аткарыш керек болчу. Мен буга толук кошулам", —дейт ал.

Чекилов аскердик күндөрүндө кызыктуу жана коркунучтуу да убактар болгонун эскерет. 1983-жылы катуу шамал болуп, үйлөргө, машиналарга жана үй-жаныбарларына залал келтирген. Чекилов кызмат өтөгөн химиялык чалгындөө бөлүгү шашылыш түрдө Горьков аймагына жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу үчүн тартылган. Алар тапшырылган ишти мөөнөтүндө аткарганын Чекилов сыймыктануу менен эскерет.

Ал грек-рим күрөшү менен машыкканы армияда чоң керекке жараганын айтат. Себеби, ал жакта өзүн коргоп жана башкаларга да болушууга жардамы тийген. Армияда өткөн ар кандай спорттук иш-чараларга Чекиловду жана башка спорт менен машыккан балдарды жөнөтүшчү. 

Аскерге чакыруу келгенде алгач аны Афганистанга деп чакырышкан. Бирок, Чекиловдун апасы каршы болуп, аны Россияга жиберишкен. Адилдин агасы Афганистанда кызмат өтөгөндүктөн, апасы экинчи баласын да ал жакка жибергиси келген эмес.

Ырчы болуп, элдин оозуна алынып калган АдильЧекилов ашканада да бир катар тамактарды катыры жасай турганын көпчүлүк эл билишпесе керек. Адиль палоону абдан жакшы жасайт.

"Чыныгы мырзалар тамак жасаганды билиш керек деп ойлойм. Мен үчүн абдан маанилүү болгон бүгүнкү майрам күнү да палоо жасайм", — дейт ал.

Чекилов достордун, тааныштардын, күйөрмандарын жана жалпы Кыргызстандын элин чын жүрөктөн куттуктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0