"Мектепте билим берүү үлгүсү" кошумча билимди талап кылат

Жазылуу
Ѳлкѳнүн мыйзамдары кошумча билим берүү боюнча кызмат кѳрсѳтүүнү ѳнүктүргѳнгѳ мүмкүндүк берет, бирок алар мамлекеттик стандарттар боюнча иштешет. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы тез ѳзгѳртүүнү жана ѳнүктүрүүнү талап кылуучу кошумча билим берүү маселени чечүүгѳ жардам болот деп эсептейт.

БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Мектеп программасында кыскартуулар кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн билим деңгээли Россияда бүтүрүүчүлѳргѳ салыштырганда тѳмѳндѳшүнѳ алып келет деп эсептешет Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында. 

Кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн абалы тууралуу Sputnik кабарчысына башкармалыктын жетекчиси Сауле Мейерманова айтып берди.

— Биздин мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн деңгээли кандай? Чет элдик окуу жайларга тапшырууга даярбы? Бирдиктүү билим мейкиндиги тууралуу айтса болобу?

Кыргыз кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемберди Эрматов: быйыл Кыргыз тест системасы ишке кирет
— Биздин балар кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳ окуп жатышат. Албетте билим кѳлѳмү жагынан айырма бар, бирок мында балдардын күнѳѳсү жок. Дүйнѳ тездик менен ѳзгѳрүп, ѳсүп жатканда биз да четте кала албайбыз. Биздин бүгүнкү бүтүрүүчү, деги эле бүтүрүүчүнүн үлгүсү, тездик менен ѳзгѳрүп, ѳсүүнү талап кылат. Биз болсо мамлекеттик стандарттар боюнча иштейбиз, бирок кошумча билим берүү кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ мыйзам мүмкүндүк берет.

Жок дегенде, коңшулаш мамлекеттердин билим мейкиндигине кошулуу зарыл экендигин түшүнѳбүз. Жаман жагы, союз жоюлуп жатканда бул эске алынган эмес. Система бузулуп калган, эми болсо баарын кайра калыбына келтирүүгѳ туура келип жатат.

Бул масленеи чечүү үчүн биздин педагогдор изденүү үстүндѳ. Шаарда инновациялык мектептерин программасы ишке киргизилген, азыр жаңы түрдѳгү 35 мекеме иштеп жатат. Ар бир райондо биздин окутуучулардын демилгеси менен ресурстук борборлор, ачык инновациялар деп аталуучу мектептер ачылган, бул казак жана россиялык билим берүү мекемелери менен кызматташтык. Ушунун аркасында биздин кесиптештер ѳз ара тажрыйба алмашууда. Жакында мектепке чейинки билим берүү мекемелери Уфа менен Санкт-Петербургга барып келишти. Мектеп окуучуларынын да ушундай мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, бизде жумушчу сапарлары, кесипкѳйлүгүн жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-чаралар бюджетке киргизилген эмес. Биз ошол ресурстук борборлордун жардамы менен ушундай мүмкүнчүлүктѳрдү (жол чыгымдарына каражат) таап жана Томск, Омск, Иркутск, Новосибирск жана Санк-Петербург шаарларындагы алдыңкы окуу жайлар менен кызматташып жатабыз. 

— Мурда мектеп окуучусу ѳздѳштүрѳ турган сабактардын жалпы кѳлѳмү миң саат болчу, эми аны фин программасы боюнча 800 саатка чейин кыскартуу жѳнүндѳ кеп болуп жатат. Чечмелеп берсеңиз.

Улутту адеп-ахлакка тарбиялоодо ата-энелерди агартуу иштери маанилүү — эксперт
— Бизде сабактардын сааты кыскарды: алдыңкы батыш, чыгыш ѳлкѳлѳрүнүн тажрыйбаларына таянуу керек. Бирок биз башкалардын эрежелерин жѳндѳн-жѳн эле кабыл албастан, ѳзүбүзгѳ чеберлик менен ылайыкташтырыбыз керек. Биздин мүмкүнчүлүктѳрүбүз зор, совет мектеби фундаменталдуу билим берчү. Бүгүн кадрлар жактан ошол эле абалдабыз. Мурдатан калыптанган мугалимдер азыр да мектептердин ѳзѳгүн түзүп турат. Тилекке каршы, алардын жаш-курагы пенсияга жакындап калды. Ошентсе да алар дагы эле катарда. Биздин окуу планыбыз, мамлекеттик стандарт алара иштегенге мүмкүндүк берип, кошумча нерселерди да ѳрчүтсѳ, бул албетте, балдарга пайдалуу болот.

— Башкача айтканда, план боюнча кыскарган сааттарды окуу планынан сырткаркы кошумча иштин эсебинен толтуруу мүмкүн деп эсептейсизби?

— Ооба, буга мыйзам мүмкүндүк берет. Азыркы окуу планына педагогдордун нааразылыктары кѳп: бирѳѳнѳ ал план жагат, бирѳѳнѳ жакпайт. Аны кайра карап чыгууга негизги аргумент болуп балдардын окуусу ашыкча кѳптүгү эсептелет.

Бирок мунун башка жагы да бар: коркконубуз, балдар мектепте сабагы кѳп болгону менен, мектептен сырткары алардын бош убактысы кѳп, жана аны балдар терс нерселерге жумшап жатат. Ошол убакытты окуу матералдары менен толтуруп, адистештирүү боюнча ишке жумшасак туура болмок. Кенен жана кѳп тараптуу билим берүү кызматтарын сунуштоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0