Журналисттерге ыдык көрсөткөн медакадемиянын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө орой мамиле жасап, аларга күч колдонгон медициналык академиянын бир катар кызматкерлерине сөгүш берилди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Азаттык+" программасынын журналисттерине корс мамиле жасап, аларга карата күч колдонгон медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровго, окуу жайдын иш башкармалыгынын жетекчиси Мурат Сулаймановго жана ректордун катчысына өз кызматын так аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Медициналык академия vs "Азаттык" – ар кимдин өз чындыгы бар
Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов бир катар кызматкерлердин журналисттерге жасаган орой мамилеси үчүн "Азаттык+" программасынын чыгармачыл жамаатынан кечирим сурайт.

Шейшемби күнү, 17-февралда "Азаттык+" программасынын журналисттери Медакадемиянын ректорунан интервью алыш үчүн барышкан. Бирок, аларды окуу жайдын кызматкерлери күч колдонуп, сыртка чыгарып коюшкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0