Ташкентке конгон Москва – Бишкек каттамынын учагы "Манас" аба майданына келди

Жазылуу
18-февралда Москва убактысы боюнча кечки саат 9:55те Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак 19-февраль күнү таңкы саат бештерде келип конушу керек болчу. Бирок, Бишкектеги коюу тумандан улам, ал Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына конгон.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы таңкы коюу тумандан улам Ташкент шаарына конгон учак түшкү саат 12:35те Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна келип конду.

Самолет авиакомпании Аэрофлот. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак тумандан улам Бишкекке эмес Ташкентке конду
"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен "Манас" аэропортунда коюу туман болгондуктан Москва – Бишкек багыты боюнча каттаган учак жерге коно албай, Ташкент шаарындагы аэропортко конгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0