КТРКнын башчылыгына бир да талапкер байкоочу кеңешке арыз бере элек

© Фото / пресс-служба КТРКЗдание КТРК
Здание КТРК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Игорь Шестаков КТРКнын башчысы болом дегендерден арыздардын түшпөй жатышын конкурстун жакында эле жарыяланганы менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. "КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешине конкурстун алкагында телерадиокорпорациянын жетекчилиги кызматы үчүн бир да арыз түшө элек", — деп коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Игорь Шестаков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, конкурс бир жума мурун жарыяланган жана азырынча бир да арыз түшө элек.

"Албетте, каалоочулар болот. Азыр директордун милдетин аткарып жаткан Илим Карыпбеков конкурска катышууга ниеттенип жатат. Катчылыкка чалып, конкурстун шарттарына кызыккандар да бар", — деди Шестаков.

Ал ошондой эле, конкурстун аяктарына дагы үч жума бар экенин кошумчалады. Буга чейинки конкурска 20 талапкерге чейин катышкан болчу.

"Мисалы, мурдагы директор Султан Жумагулов арызын конкурстун акыркы күнү берген. Көпчүлүк талапкерлер да ушундай кылышы ыктымал", — деди ал.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы жетекчиси Султан Жумагулов кызматтан кетүү жөнүндө арызын өз ыктыяры менен жазган. КТРК коомдук байкоочу кеңеши анын арызын бир добуштан кабыл алып, Илим Карыпбековду башкы директордун милдетин убактылуу аткарып турууга шайлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0