Аялдарды Сирияга азгыруу түштүктө көп болууда

© AFP / BARAA AL-HALABIДжихадист аял. Архив
Джихадист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуш аймактарына 30 аял кеткен факты катталды деп билдирди ИИМдин 10-бөлүмүнүн жетекчиси.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аялдарды Сирияга азгыруу Кыргызстандын түштүгүндө көп кездешип жатат деп билдирди ИИМдин 10-бөлүмүнүн жетекчиси Рафик Мамбеталиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн 200дөн ашуун кыргызстандыктар чыгып кеткен. 

"Адамдар Сирияга үй-бүлөсү менен кетип жатат. Аталган согуштун аймагына 30 аялдын кеткендиги катталды. Алар Сириядагы жихадчыларга күйөөгө тийип, ошол жерде жашап калышууда", — деп билдирди Мамбеталиев.

Ал Сириядан кайтып келгендер бар болуп жаткандыгын айтты. Башка өлкөдө куралдуу чыр-чатактарга катышкандар КРдин кылмыш жаза кодексинин "Жалданмачылык" деп аталган 375 беренеси менен кылмыш жообуна тартылат. Бирок, адам билбей калып алардын торуна түшүп, алданып кетип калса, анын жаза чарасы жеңилирээк болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0