Балдарын өлтүрдү деген аял психикалык оору менен каттоодо турган

© Sputnik / Мария Алексеева / Медиабанкка өтүүРеабилитациялык борбор. Архив
Реабилитациялык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүнүн эки баласын өлтүрдү деп шектелип жаткан энеси Республикалык психиатриалык борбордо каттоодо турган.

БИШКЕК, 16 — фев. — Sputnik. Эки баласын өлтүрдү деп шектелип жаткан Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну Республикалык психиатриалык борбордо каттоодо турган. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына ИИМден билдирди. 

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди
2015-жылдын 15-февралында милиция кичинекей балдарын өлтүрүүгө шектелген аялды кармаган. Милиция окуя болгон жерге барганда үйдөн кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар 3 жашар эрекек баланын, 4 жашар кыз баланын өлүгүн жана ашкана бычагын тапкан. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын себебин иликтөө максатында сотук-медициналык экспертиза ишин баштады. ИИМден алынган маалыматтарга караганда, мындан мурдараак аял Республикалык психиатриалык борбордо каттоодо турган жана борбордогу орто меткептердин биринде мугалим болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0