Түп районунда 50 см. кар жаап, мектептин шыйпырлары сынды

© Фото / пресс-служба МЧС КРКалың жааган кардан улам, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылынын мектебинин чатыры урады.
Калың жааган кардан улам, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылынын мектебинин чатыры урады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калың жааган кардан улам, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылынын мектебинин чатыры урады.

БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында 14-февралда калың жааган кардын кесепетинен Зууракан Батырбаева атындагы мектептин чатырынын шыйпырлары сынды. Түп районунун администрациясынын жетекчисинин орун басары Руслан Тюпеевдин Sputnik сайтына билдиришинче, мектептин чатырынын он бештей шыйпыры сынган.

"Келтирилген чыгымды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлдөрү барып такташты. Мектептин чатырын шыйпырлоо үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аракеттерди көрүп жатат", — деди ал.

Тюпеев ошондой эле, мектептин имараты эски болгондуктан 50 сантиметрден ашык жааган суу карды анын чатыры көтөрө албай калганын кошумчалады.

Батырбаева атындагы №27 мектептин директору Эльза Алиеванын Sputnik кабарчысына берген маалыматына ылайык, аталган мектеп 1964-жылы салынган.

"Мектептин чатыры 2007-жылы алмаштырылган экен. Бирок, ал устундар деле эскирип, чирип калды. Биз жакка жылына кар калың түшөт. Быйыл да ошондой кар жаап, аны мектептин чатыры көтөрө алган жок. Калың кардан улам болжол менен 15 шыйпыр майдаланып сынып, кар менен кошо түшүп калды. Азыр да самсаалап бир канчасы турат. 30 шыйпырды айыл өкмөтү алып беребиз деп сөз берди", — деди ал.

Мектеп директору түзүлгөн кырдаал окуу процессине эч кандай таасир бербегенин, сабактар өтүлүп жатканын кошумчалады.

Средняя школа №44 - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №44 мектепти оңдоо үчүн мэрия шаардык кеңештен 40 млн. сом сурап жатат
Алиеванын айтымында, мектептин имараты эски болгондуктан, күн жааганда чатырдан сарыккан суулар класстарга кирип, дубалдары көгөрүп кеткен. Мындай көрүнүш күн жылып, кар ээрип баштаганда жана жайдын күнү жаан жааганда пайда болот.

Түп районунун акиминин биринчи орун басары Тюпеев Билим берүү жана илим министрлигинен Ичке-Суу айылына жаңы мектеп салуу боюнча кат келгенин, бирок анын каржы жагы чечиле электигин кошумчалады. Мектептин директору Алиева жаңы мектеп салына турчу жердин топурагын экспертизага алып кетишкенин билдирди.

Ичке-Суу айылындагы мектептин эки корпусу бар. Биринчи корпусу 1964-жылы салынган, экинчи корпусу 1987-жылы салынган. Мектепте азыр 265 окуучу билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0