Октябрда пенсиянын орточо көлөмү 173 сомго көбөйөт

Жазылуу
Октябрь айында пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзүп, 173 сомго көбөйөт, буга республикалык бюджеттен кошумча каражат алынат.

Бишкек, 12-фев. — Sputnik. 2015-жылдын октябрь айында пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзөт. Бул туурасында Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Бүгүн ЖК депутаттары Соцфонддун быйылкы бюджети жана келерки жылдарга жасалган божомол боюнча мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Парламентте Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевдин берген маалыматында, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 млрд. 449 млн. сом, келерки, 2016-жылы 42 млрд. 324 млн. сом, ал эми 2017-жылы 45 млрд. 641 млн. сом өлчөмүндө каражат каралууда. 

Быйылкы октябрь айындагы көбөйө турган пенсия үчүн бюджет долбоорунда 450 млн. сом каралды. Каражат республикалык бюджеттен да кошумча каражат суралышы мүмкүн.

Депутаттар мыйзам долбоорун талкуулап жатканда, каражатты үнөмдөө максатында аскер кызматкерлеринин пенсиялык жаш курагын жогорулатуу, инфляция өлчөмүнө жараша пенсияны индексациялап туруу, өлгөн жарандардын пенсиялык топтомунда чогулган каражаттарды үй-бүлөсүнө кайтарып берүү, эмгек мигранттарынын социалдык камсыздандырууларын кайтарып келүү туурасында айтышты.

Кыргызстанда 2014-жылы 575 миӊ пенсионер болсо, быйыл алардын саны 608 миӊге жетет, анын ичинде 102 миӊ адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4555 сом. 

Жаңылыктар түрмөгү
0