19:15 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой

Батукаевдин бошотулушу боюнча дарыгерлердин корутундусуна гана кылмыш иши козголгон, дейт Салянова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)
70 0 0

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча прокурорлордун күнөөсү аныкталган эмес. Болгону дарыгерлердин корутундусу боюнча гана кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир да мамлекеттик кызматкер жоопко тартыла электигин мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн Бишкекте болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Батукаевдин бошотулушуна тийиштиги бар делген прокурорлордун күнөөсүн Башкы прокуратура да, Жогорку Кеңештеги комиссия да тактай алган эмес. Болгону дарыгерлердин корутундусу боюнча гана кылмыш иши козголгон.

"Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыш иши дарыгерлердин "мындай оору менен көпкө жашабайт" деген корутундусу боюнча гана козголгон. Кылмыш иши козголгонуна бир жылдай болуп калды. Ал азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) турат. УКМК бир да адамга айыбын угузуп, мамлекеттик кызматкердин күнөөсүн далилдеп, жоопко тарткан жок", — деди ал.

Батукаев Нарын шаарындагы абакта кармалган болчу. 2013-жылдын апрель айында ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин чыгарган корутундусу боюнча Нарын шаардык соту аны мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Абактан чыгары менен ал Грозный шаарына учуп кеткен.

"Мыйзамдагы ууру" делинген Батукаевдин бошотулушу боюнча катуу тала-тартыш болуп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын турган комиссия түзүлгөн. Комиссия Батукаевдин бошотулушу мыйзамсыз болгондугу тууралуу корутунду чыгарган.

2013-жылдын 30-апрелинде Нарын шаардык соту буга чейин чыгарган чечимин жокко чыгарган. 6-майда криминалдык топтун лидерине эл аралык издөө жарыяланган.

Батукаев 2006-жылы Баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык баш-аламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган.

Ал жаза мөөнөтүн өтөөдөн 9 жыл эрте бошотулган.

Тема:
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)

Тема боюнча

Салянова: өлүм алдындагы кат жазууга да мажбур болдум
Салянова: президент мени коргой алган жок, же аны каалаган жок
Өмүрбек Текебаев: Салянованын отставкага кетишинин себеби биз үчүн да табышмак
Белгилер:
криминал, УКМК, Азиз Батукаев, Аида Салянова

ЭҢ МААНИЛҮҮ