03:27 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Празднование Дня Победы в Киргизии

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө 14 миллион сом каралган

© Sputnik / Владимир Пирогов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө үчүн 9-майда Бишкекте өтө турчу парадка даярдыктар жүрүүдө.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө жана ага даярдануу үчүн мындан эки жыл мурун 2013-жылы президенттин буйругу чыккан. Эки жылдан бери даярданып жатабыз, учурда бүт бардыгы бекитилген жана параддык эсеп да даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров биздин кабарчыга билдирди.

Ал ошондой эле, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө 14 миллион сом каралганын, учурда бул каражаттар этап-этабы менен бөлүнүп жатканын кошумчалады.

"Майрамда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерге орден даярдап жатабыз. Ошондой эле, 8-мото аткычтар дивизиясынын китеби кыргыз, орус тилдеринде даярдалып жатат", — деди Капаров.

Башкы штабдын башчысынын орун басары 9-майда Москва шаарында боло турчу майрамдык парадка Улуттук Гвардиянын 75 жоокери Кыргызстандын атынан катышаарын белгиледи.

Белгилер:
Улуу Жеңиш, Жаныбек Капаров, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ