Бакча ачылды, бирок балдарды кабыл албайт деп нааразы болууда көлдүктөр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала. Архив.
Бала. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл областына караштуу Кашат айылынын тургундары жакында курулган бала бакча каржыланбай жатканына нараазы болууда. Айылдыктардын айтымында, бакча ачылганы менен, балдар кабыл алынбай жатат. Ар түрдүү инстанциялардын эшигин каккылап, бирок оң жооп ала алышкан эмес.

БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылындагы бала бакчанын ата-энелер комитетинин өкүлдөрү Салтанат Мусалиева менен Гүлжан Жумагулова балдар мекемесинин ишинде пайда болгон жагдай тууралуу Sputnik кабарчысына билдиришти.

Мусалиеванын айтымында, айыл бакчасы расмий ачылганына карабай, балдарды кабыл албай жатат.

"Бакча биздин балдарды албай жатканына нараазыбыз. Биз аларды кайда алып барышыбыз керек? Бакчанын ачылышын ушунча күттүк эле! Ага өзүбүз жардам бергенбиз — эми натыйжасы ушул. Бакчанын жетекчиси тарбиячылардын эмгек акысын төлөөгө акча жокутугунан балдарды кабыл ала албайбыз дейт", — деп айтып берди ата-энелер комитетинин өкүлү.

Ниязалиева: 94 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
Аталган бала бакча 120 балага эсептелген дейт айыл тургуну. Имараты жаңы, жакшы жылыйт, балдардын беш тобуна эсептелген ыңгайлуу бөлмөлөрү бар. 

Ата-энелер комитетинин активдүү катышуучусу Жумагулова бакча Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен ачылганын, мамлекет болсо бир да тыйын коротпогонун айтып берди. Анын наразы болгону, өкмөт жок дегенде тарбиячыларга айлык акы төлөп бербей жатат. 

"Бизге ушунча керек болгон бакчанын ачылышына бүтүндөй айыл аракет кылган. Курулушка Өнүктүрүү фонду 11 миллион сом сарп кылган. Жергиликтүү айыл башкармалыгынын жардамы менен жана өз акчаларыбызга килем, оюнчуктарды сатып алганбыз. Биздин балдардын башка барар жери жок. Кашат жана Темир айылдарында 6 миңден ашык адам жашайт, жана бул бакчасыз бизге өтө кыйын болуп жатат. Бакча толук даяр экендигине карабай, биз ал жакка балдарыбызды алып бара албай жатабыз", — дейт Жумагулова.

Анын айтымында, бакчанын курулушу өткөн жылдын декабрында аяктап, 2015-жылдын 19-январында салтанаттуу ачылышы өткөн. 

Бала бакчанын жетекчиси Элмира Иманбекова Билим берүү министрлигине да, Каржы министрине да кайрылып, бирок бакчанын кызматкерлеринин эмгек акысына каражат бөлүп берүү маселесин чечүүгө алардан эч жардам болгон эмес деп билдирди Жумагулова.

Ата-энелер комитетинин өкүлү алар, ал тургай, вице-премьер Дамира Ниязалиева да кайрылгандыктарын, бирок бала бакча дагы эле эшиги жабык бойдон турганын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0