Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө президент материалдык жардам көрсөттү

Жазылуу
Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө президенттин социалдык коргоо фондунан 100 миң сом бөлүндү.

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана үчүнчү даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 миң сом бөлүндү.

Кыргыз эл сүрөтчүсү 5-февралда узакка созулган оорудан улам каза болгон. 

Ал 1946-жылы 18-июлда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата Талас шаарында ачылган "Манас" этнографиялык комплексинин эскизи улуу сүрөтчүнүн ири эмгектеринен болуп эсептелет.

Кадыралиев 1966-жылы Фрунзедеги көркөм-өнөр окуу жайында окуган. Кийин билимин Москвадагы Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтунда уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0