Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн КРде айып салынышы мүмкүн

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВидео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн КРде айып салынышы мүмкүн
Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн КРде айып салынышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕЭАБга толук мүчө болуп киргенден кийин КРде видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн айдоочуларга айып салынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 6 фев — Sputnik. Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн Кыргызстанда айып төлөө тартиби киргизилиши ыктымал.

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматынан Sputnik кабарчысына "Дөңгөлөктүү унаа каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" регламент бар экендигин, анда унаа каражаты жүрүп бара жатканда айдоочуга жолдун жакшы көрүнүшүн камсыз кылуу боюнча талаптар коюлгандыгын ырасташты.

Ошол эле учурда аталган документте видео каттагычтарды орноткондук үчүн кандайдыр бир айып төлөөлөр каралган эмес. Техникалык регламент болгону "продукциянын жана ага байланышкан процесстердин коопсуздук маселелерин" гана жөнгө салат. Анын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө (көз салуу) жана айып чараларын көрүү милдети ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн ыйгарымдуу органдарына жүктөлөт. 

Коңшулаш Казакстанда айдоочуларга алардын алдыңкы көрүү шарттарына карата талаптар коюлган техникалык регламенттин негизинде 10 миң теңгеден ашык айып салынышы мүмкүн. Эскерте кетсек, Казакстан – Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү.

Кыргызстанда мыйзамдарга ылайык видео каттагычтарды пайдаланууга тыюу жок, ал үчүн айдоочуларга айып да салынбайт. Авто сүйүүчүлөр азыркы кезде видео каттагычтарды өз эркин, бирок керек учурда алып салгыдай кылып орното алышат деп билдирди Ички иштер министрлигинин жол күзөт кызмат башчысынын орун басары Иманалы Саркулов.

"Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн айып салуу маселеси республика ЕЭАБга толук мүчө болуп киргенден кийин көтөрүлөт. Бирок аны парламент Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен карап чыгышы керек, жана ошол эле депутаттар айып көлөмүн белгилеши керек", — деп түшүндүрдү ЖККнын башчысынын орун басары.

Ошол эле учурда ЕЭАБга мүчө өлкөлөрдүн ири шаарларында жолдордо видео камералар орнотулган деп улантат Саркулов. Анын пикиринде, ал жакта видео каттагычтар Кыргызстандагыдай "жол кырсыгы болгон учурда башкы роль ойнобойт".

"Бизде азырынча "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылган эмес, ошондуктан айдоочуларга видео каттагычтарды жол кырсыгы же башка окуялар болуп калса, далил катары колдонуу кеңеш кылынган", — дейт ал.

Ал эми "Ар-Намыс" фракциясынан ЖККын депутаты Дастан Бекешев аталган ченем "коррупциялуу" мүнөзгө ээ деп эсептейт.

"Бул ченемди ЖКК кызматкерлери кантип аткара тургандыгын билбейм, ал көпчүлүгү коррупциялуу болгудай. Видео каттагычты орнотуу боюнча пайыздары да аныкташ керек болот. Анан сен айнектин тиги капталына орнотупсуң, бул жагына орнотупсуң же бул жерге такыр орнотконго болбойт дегендер башталат… Айып салгандан көрө, кеңеш берүү менен чектелген жакшы. Жазалагандан көрө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек", — деп эсептейт эл өкүлү.

Жол күзөт кызматынын маалыматтарына таянсак, тиешелүү ведомстволордо азырынча видео каттагычтарды туура же тура эмес орнотуу деген түшүнүк жок. Видео каттагычты орнотуу боюнча белгилүү бир ченемдер кабыл алынса, дал ошол ЖКК кызматкерлери ченемди бузгандык үчүн айыптарды чогултат. Ал эми техрегламенттин Кыргызстандын аймагында күчүнө кире тургандыгы жөнүндө суроолорго жооптор майга жакын белгилүү болот.

23-декабрда Кыргыз Республикасы да Евразиялык экономикалык биримдикке азырынча байкоочу катары кошулуу жөнүндө документке кол койгон. Ал эми май айынан баштап өлкө ЕАЭБга толук мүчө болуп кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0