Ири комбинаттар унду байытууга милдеттендирилет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАрхив: навайкана
Архив: навайкана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи депутаттар унду байытуу аркылуу калк арасындагы аз кандуулуктун алдын алууга салым кошо турганын айтышууда.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Депутаттар коомдогу аз кандуулукту байытылган ун аркылуу азайтууга болорун айтышууда. "Нан унун байытуу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген толуктоолор Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоорун депутаттар – Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов демилгелешкен болчу.

Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80 пайызы улпакка чыгып кетээри айтылат. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.

Демилгечи депутат Узакбаев ундун байытылышында 1 кг унга 3 тыйын кошулаарын маалымдады. Мыйзам ири ун комбинаттарын гана камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0