Бишкектин жолдорунун ремонтуна Кытай 100 млн. доллар берет

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Бишкектин жолдорунун ремонтоо
Архив: Бишкектин жолдорунун ремонтоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн (Токомбаев-Ахунбаев ортосу) оңдоо пландалууда.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. "Бул ремонтко мэрия быйыл 100 миллон доллар жумшайт", — деп айтты маалымат жыйынында шаар башчысы Кубанычбек Кулматов. 

Анын айтымында, Кытай грантынын каражатына 105 чакырым көчө оңдолуп-түзөлөт. 

"Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн (Токомбаев-Ахунбаев ортосу) оңдоо пландалууда. Келерки жылда ремонт кыла турган көчөлөрдү алдын ала тандап алабыз", — деди Кулматов.

Мэр гранттын шартында жолдорду оңдоого кытайлык гана компаниялар алыныш керектиги каралгандыгын айтты. Алар жолдун сапатына жана жасалышына баштан-аяк жооп беришет. 

Бишкек мэриясы боюнча өткөн жылы 25,8 миллион сомго 14,4 чарчы чакырым жол оңдолгон. Утурумдук ремонтко 5,4 миллион сом жумшалган. Кытайлык гранттын алкагында Бөкөнбаев, Толстой көчөлөрү оңдолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0