Бөбөктөргө өпкөнүн сезгенишине каршы эмдөө жүргүзүлөт

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүАрхив: эмдөө
Архив: эмдөө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрда баштоого пландап жаткан өпкөгө каршы эмдөөгө бул жылдын жылдын I кварталында 529 миң доза вакцина алынып келинет.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бөбөктөр, айрыкча беш жашка чейинки кичинекейлер өпкөнүн сезгенишинен көп ооруп жаткандыктан, бул боюнча календарлык эмдөө киргизилмекчи. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов билдирди.

Акыркы учурларда беш жашка чейинки балдар өпкөнүн сезгениши боюнча көп ооруп жаткандыктан, бул илдеттен сактап калуу үчүн атайын иш-чаралар белгиленди. 

"Өпкөнүн кагынышына карата эмдөөнү календарга киргизип жатабыз. Сентябрь айынан тарта эмдөөлөрдү баштамакчыбыз. Ал эми вакцина Бельгиядан алынат. 2015-жылдын I кварталында 529 миң доза келип түшөт, бир жашка чейинки балдарды үч ирет эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Азыр бул боюнча даярдык иштерине, элге түшүндүрүүнү баштоого кам көрүлүп жатат", — Калилов. 

Башкы иммунолог медициналык кызматкерлер ар бир ата-энеге мыйзамдын чегинде маалымат бергенге милдеттүү экендигин, ал эми ата-энелер керектүү маалыматын сураганга укугу бардыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0