13:44 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Вакцинация против гриппа в Калининграде

Кызылчага каршы массалык эмдөө 2-марттан тарта башталат

© Sputnik / Игорь Зарембо
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы (16)
8001

Кыргызстанда март айынын биринчи жарымында 1 жаштан 20 жашка чейинкилерди кызылчага карата эмдөө жүргүзүлүп, ал эки этапта өтөт.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2-марттан 14-мартка чейин кызылча боюнча массалык эмдөө өтөт. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов билдирди.

Калилов азыр кызылча боюнча республикада абал турукташып калгандыгын, антсе да пландалган массалык эмдөө эки этап менен жасалаарын айтты. 

"2-марттан 14-мартка чейин Кыргызстан боюнча 2 млн. 307 адамды эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Кампания эки этап менен өтүп, 11ден 20 жашка чейинкилер өзүнчө, 1-жаштан 10-жашка чейинки балдар өзүнчө эмделет. Оору менен байланышта болгондор, миграцияда жана диний көз карашта жүргөндөр көбүрөөк камтылат", — деди Калилов. 

Башкы иммунолог вакцина боюнча маселе жоктугун, учурда да ал респубилкада жетиштүү санда экендигин айтты.

"Вакцина боюнча азыр маселе жок, сатып алганга бюджеттен 34,4 млн. сом каражат бөлүнгөн. Ал эми массалык кампанияга БУУнун Балдар Фонду бизге сатып келип берет. Алардын Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунан алган атайын уруксат баракчасы бар", — деди Калилов.

Ал эми кызылча оорусу боюнча 2-февралда республикада 3403 адам ооруга шектелип кайрылса, анын ичинен 652 кишиден лабораториялык иликтөөлөрдө аныкталган. Булардын 70%га жакыны чоңдор, б.а. наристелер эмес, өспүрүм курактан өйдө жаштагылар. 

Буга чейин саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү өлкөдөгү кызылча оорсунун таралып жатышына эмдөөдөн баш тарткандар да себепкер болуп жатканын айтышкан эле. Ал эми бул жаатта Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы бул багытта Саламаттыкты сактоо министрлиги  диндар адамдардын арасында вакциналардын сапаты боюнча шектенүүнү ачыктап, түшүндүрүп бербей жаткандыгын айтып, каяшасын билдирген.

Бул багытта Калилов Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия менен иштеп жаткандыгын, мурда баш тарткандардын ичинен кызыгып, кайсыл жерден эмдөөдөн өтүү боюнча кызыгып, сурап, келгендер арбыгандыгын кошумчалады.

Кызылча оорусунун белгилери жана аны алдын алуу боюнча Sputnik даярдаган инфографиканы көрүңүз >>

Тема:
Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы (16)

Тема боюнча

Атамбаев министр менен өлкөдөгү кызылча оорусунун абалын талкуулады
Министр Ирандык депуттардан кызылча вакциналары боюнча жардам сурады
Кызылча оорусу боюнча КРде карантин киргизүүнү адистер кеңеш кылбайт
Белгилер:
кызылча оорусу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Жолдош Калилов, КР Саламаттык сактоо министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ