Михаил Фрунзенин 130 жылдыгы Бишкекте белгиленди

Жазылуу
Михаил Фрунзе Пишпек шаарында төрөлгөн. Жарандык согуш маалында Михаил Васильевич Кызыл армиянын эң таасирдүү аскер башчыларынан болгон.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик жана аскерий ишмер Михаил Фрунзенин 130 жылдыгы белгиленди. Ал 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында төрөлгөн.

Кыргызстандын борбору 65 жыл бою Фрунзенин атын алып жүргөн.

Анын туулган күнүнүн урматына Эркиндик гүлбагындагы эстелигине гүлчамбар коюлду. Бул салтанатка мамлекеттик ишмерлер, окуучулар жана Суворов лицейинин курсанттары катышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Эркиндик гүлбагындагы Фрунзенин эстелигине гүлчамбар коюлду.
1/5
Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагындагы Фрунзенин эстелигине гүлчамбар коюлду.
© Sputnik / Табылды КадырбековВ актовом зале дома-музея Фрунзе была открыта выставка картин и скульптур советских художников "Образ Фрунзе в изобразительном искусстве".
2/5
В актовом зале дома-музея Фрунзе была открыта выставка картин и скульптур советских художников "Образ Фрунзе в изобразительном искусстве".
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкскурсоводы рассказали школьникам и курсантам Суворовского училища о семье и деятельности военного деятеля.
3/5
Экскурсоводы рассказали школьникам и курсантам Суворовского училища о семье и деятельности военного деятеля.
© Sputnik / Табылды КадырбековСпальная комната, где родился и жил маленький Михаил Фрунзе.
4/5
Спальная комната, где родился и жил маленький Михаил Фрунзе.
© Sputnik / Табылды КадырбековГостиная комната в доме отца Михаила Фрунзе Василия Михайловича Фрунзе.
Михаила Фрунзенин атасы Василий Михайловичтин конок үйү. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Гостиная комната в доме отца Михаила Фрунзе Василия Михайловича Фрунзе.
1/5
Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагындагы Фрунзенин эстелигине гүлчамбар коюлду.
2/5
В актовом зале дома-музея Фрунзе была открыта выставка картин и скульптур советских художников "Образ Фрунзе в изобразительном искусстве".
3/5
Экскурсоводы рассказали школьникам и курсантам Суворовского училища о семье и деятельности военного деятеля.
4/5
Спальная комната, где родился и жил маленький Михаил Фрунзе.
5/5
Гостиная комната в доме отца Михаила Фрунзе Василия Михайловича Фрунзе.

Салтанатка катышкан Россиянын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Алексей Мзареулов Михаил Фрунзе аскер кол башчы катары абдан таланттуу болгонун, чечкиндүү кадамдары менен аркасынан аскерлерди ээрчитип кетүү жөндөмдүүлүгүн белгиледи.

Майрамдык иш-чара Михаил Васильевич Фрунзе атындагы үй-музейде улантылды. Музейдин чоң залында Михаил Фрунзенин элеси түшүрүлгөн сүрөттөрдүн, скульптуралардын көргөзмөсү болду. 

Үй-музейдин жетекчиси Бакыт Бакчиевдин айтымында, көргөзмөгө коюлган сүрөттөр буга чейин музейдин сактоо жайында болчу. Көргөзмө бир айга чейин улантылат.

Михаил Фрунзе атындагы музей 1925-жылы ачылган жана аскерий ишмердин өмүрүнө жана ишмердигине арналып ачылган алгачкы музей болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0