Кыргызстан БУУга мүчөлүк карызын толугу менен төлөдү

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүАрхив: БУУ
Архив: БУУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-январда Каржы министрлиги Кыргызстандын Улуттук банкына Бириккен Улуттар Уюмунун бюджетине төлөө үчүн 54 миң 271 долларды которду.

БИШКЕК, 31-янв — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчөлүк акысын толугу менен төлөгөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013чү жана 2014-жыл үчүн мекеме БУУнун регулярдуу бюджетине мүчөлүк акыны толугу менен төлөгөн. КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы 40 миң доллар, 2014-жылы 63 миң 505 доллар төлөнгөн.

"Өткөн жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын БУУнун регулярдуу бюджетине болгон карызы толугу менен төлөнгөн. Каржы министрлиги 16-январда гана быйылкы жыл үчүн болгон мүчөлүк акынын так санын Тышкы иштер министрлигинен алган. БУУнун каржылык эрежелерине ылайык, мамлекет БУУнун регулярдуу бюджетине мүчөлүк акыны БУУнун Башкы катчылыгынан билдирүү алгандан кийин 30 күн ичинде төлөшү керек. Башкача айтканда январь айынын аягына чейин кутулуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан БУУга мүчөлүк карызынан январдын аягында кутулат
29-январда Каржы министрлиги Кыргызстандын Улуттук банкына Бириккен Улуттар Уюмунун регулярдуу бюджетине төлөө үчүн 54 миң 271 долларды которгон.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды кошкондо жети өлкөнү мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн добуш берүү укугунан ажыраткан болчу. Каржы министрлиги өлкөнүн карызын январь айынын аягына чейин жоюуга милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0