21:37 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Итоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева

Геннадий Павлюк атындагы сыйлык Кыргызстандын журналисттерине ыйгарылат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Геннадий Павлюк атындагы сыйлык Кыргызстандын журналисттерине төртүнчү ирет тапшырылат.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. 5-февралда Геннадий Павлюк атындагы сыйлык кыргызстандык журналисттерге "Чынчылдык. Кайраттуулук. Кесипкөйлүк" үчүн ыйгарылат. Бул тууралуу "Евразийцы — новая волна" фонду маалымдады.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, конкурска келген эмгектерди көз карандысыз калыстар карап чыгып, мыктыларын тандашат.

"Жалпысынан Жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген журналисттерден 40тан ашык эмгек келди. Калыстар тобунун купулуна толгон эмгектер бааланып, анын авторлоруна баалуу белектер тапшырылат", — деп билдиришти аталган фонддон.

Быйылкы байге фонду 180 миң сомду түзөт.

Белгилүү журналистти 2009-жылы колу-бутун байлап туруп, Алматыдагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан ыргытып жиберишкен. Анын сөөгү Казакстандын Ички иштер министрлиги тарабынан табылган. 

2010-жылы Касымалы Баялинов атындагы балдардын жана жаштардын республикалык китепканасынын жанына эстелиги тургузулган. Эстеликти эки жылдан кийин уурдап кетишкен. Кийин эстелик экиге бөлүнгөн абалында табылган. Аны калыбына келтирүү үчүн 100 килограммдай коло жетпей калган. Президент Алмазбек Атамбаев аны калыбына келтирүү үчүн жеке каражатынан бөлүп берген.

Тема боюнча

Чет элдиктердин Кыргызстанда ЖМК ачуусуна тыюу салууну Адилет министрлиги сунуштоодо
Серепчи: Украинада россиялык ЖМКларга тыюу салынса, өлкө ичинен бөлүнүп кетет
Белгилер:
Сыйлык, ЖМК, Геннадий Павлюк
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ