17:19 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Лечение и профилактика гриппа и ОРВИ у детей

БУУнун Балдар фонду сапаттуу вакцина сатып алууга жана аны жеткирүүгө жардам берет

© Sputnik / Валерий Титиевский
Коом
Кыскача шилтеме алуу
27 0 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду коомдун кызамык жана кызылча дарты боюнча маалымдуулугун арттырууга жана сапаттуу вакциналарды сатып алууга жардам берет.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду учурда жайылып жаткан кызылча жана кызамык оорулары тууралуу коомдун толук маалымат алуусун камсыздай турган брошюра, аудио жана видео материалдарды жайылтуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин аракеттерин толугу менен колдойт. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, БУУнун Балдар фонду Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөө үчүн сапаттуу вакцина сатып алып, аны алып келүүгө жардам берүү боюнча иштерди баштады. Дарылар БУУнун Балдар фондунун Капенгагендеги (Дания) жеткирүү бөлүмү аркылуу сатылып алынат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан текшерилген сапаттуу гана вакциналар сатылып алынат. Бул багытта кыргыз өкмөтү тарабынан биринчи этапты өткөрүү үчүн 34,4 миллион сом бөлүндү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды кызамык менен кызылча ооруларына каршы эмдөө үчүн учурда жетиштүү деңгээлде вакцина бар.

БУУнун Балдар фондунун берген маалыматы боюнча, кызылча оорусунан 1980-жылы дүйнө жүзү боюнча 2,5 миллион киши өлгөн. 2010-жылы 140 миң киши каза болгон.

Тема боюнча

Министр Ирандык депуттардан кызылча вакциналары боюнча жардам сурады
"Кыргыздипсервис" МИ ТИМге кызматкерлерди мыйзам бузуулар менен кабыл алган
Кызылча оорусу боюнча КРде карантин киргизүүнү адистер кеңеш кылбайт
Муфтият: тумоолорго каршы эмдөөлөрдү алуу керек
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Балдар фондусу, кызылча оорусу, эмдөө, вакцина
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ