17:26 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Программа помощи в усыновлении Поезд надежды в Крыму

Соцөнүгүү министрлиги балдарга жасалган зомбулуктун алдын алуу планын иштеп чыкты

© Sputnik / Владимир Песня
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)
92 0 0

Социалдык өнүгүү министрлигинин планында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн штаб түзүү каралууда. Ошондой эле, балдарын таштап кеткен кыргызстандыктардын тизмеси түзүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да бар.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Балдарга жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Социалдык өнүгүү министрлиги план иштеп чыкканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик план боюнча ведомстволордун, БУУнун балдар фондунун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер менен талкуу уюштурду.

Документте балдарга жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар бир айыл өкмөткө, ар бир районго штаб түзүү керектиги айтылат.

"Бул штаб аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көзөмөлгө алып, аларды жума сайын барып текшерип турушу керек. Андан сырткары, көчөмө-көчө кыдырып кары кишилерге, туугандарына жана тааныштарына калтырылган балдарды аныктоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул иш боюнча отчётту жума сайын угуу тапшырылат", — деп айтылат маалыматта.

Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиргендей, бул ишке айылдык комитеттер, аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар уюмдары тартылат.

Андан сырткары балдарын таштап чет мамлекетке чыгып кетип аткан кыргызстандыктардын тизмеси түзүлөт. Мындай балдар каттоого алынып, алар тууралуу маалыматтар аймактык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен ички иштер органдарына берилип турат.

Тема:
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)

Тема боюнча

Окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
ИИМ: эки жаштагы баланын зордукталганын экспертиза аныктады
Ошто эки мектеп окуучусу зордукчулар менен интернеттен таанышкан
Белгилер:
зордук-зомбулук, бала, Социалдык өнүгүү министрлиги
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ